Орусияда сот Тажикстандын жараны Далержон Ачиловду "согуш тууралуу жалган маалымат таратуу" жана "жек көрүүчүлүктөн улам бейбаштыкка баруу" беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, жети жылга эркинен ажыратты.
Тергөөнүн версиясына караганда, Ачилов 2022-жылдын февралынан 2024-жылдын мартына чейин Новосибирскидеги соода борборлорго барып "Украинадагы согуштун жүрүшү, максаты тууралуу атайылап жалган маалыматты ачык таратып турган" жана "Орус бийлигинин атайын аскердик операция боюнча чечимдерин сындаган".
Андан тышкары, тергөөчүлөр билдиргендей, Ачилов коомдук жайларда орус улутундагы аялдардын "беделине доо кетирген сөздөрдү айткан".
Ачилов Орусияга Тажикстандан 2012-жылы барып, 2021-жылы убактылуу жашоого уруксат алган. Ал эми былтыр февралда орус жарандыгын алуу үчүн документ тапшырган. Сотто ал үй-бүлөсү менен 2022-жылдан бери Орусиянын аймагында мыйзамсыз жашап жүргөнү айтылды.
"Саясий туткундарды колдоо. Мемориал" укук коргоо долбоорунун маалыматына караганда, Ачилов Новосибирскидеги базарда касапчы болуп иштеп жүргөн. Былтыр мартта ал соодагер аялдардын бири менен талашып-тартыша кеткен.
Ал аял Ачиловго каршы арыз жазып, тажикстандык жаран "орустарды жек көрөрүн" жана "атайын аскердик операцияга каршы" экенин айткан.
Орусияда Москванын Украинага каршы ачкан согушун "атайын аскердик операция" деп аташат.
Полиция адегенде Ачиловдун күнөөсү жок экенин билдирген. Былтыр мартта "Крокус Сити Холл" концерттик залында болгон теракттан кийин Тергөө комитети Ачиловго каршы жазылган арызга көңүл бурган. Ал 2024-жылдын апрелинде камалган.
Укук коргоочулардын айтуусунда, Далержон Ачилов Орусияда тажикстандыктарга каршы тутанган кампаниянын курмандыгы болуп калды.
Шерине