Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын төрт кызматкери коррупциялык схема түзгөн деген айып менен кармалганын билдирди.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, инспекторлор айып короого токтотулган автоунааларды алып чыгууга уруксат берүүгө ар кандай тоскоолдуктарды түзгөнү аныкталган. Алар машинени айып короодон чыгарууну тездетүүдө оң чечим кабыл алуу үчүн жол кырсыгына кабылган айдоочуларды каражат берүүгө мажбурлашкан деп шек саналууда.
14-январда УКМК Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Ички иликтөө кызматы менен биргеликте Милициянын патрулдук кызмат башкармалыгынын инспекторлорунун кызматтык бөлмөлөрүнө тинтүүгө алган. Анын жыйынтыгында, Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын төрт инспектору (Т.С.Э., И.К.М., Б.у.З., А.К.А.) кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул кылмыштарды жасоого тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар уланууда.
Айып коюлган инспекторлордун адвокаттары жана жакындары комментарий бере элек.
Президент Садыр Жапаров 2024-жылы 31-декабрда коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзам кол койгон. Ага ылайык, “Коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматтарда иштөөгө өмүр бою тыюу салынат.
Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” жана “Шалаакылык” беренелери менен айып тагылгандар күнөөсүн мойнуна алуу боюнча тергөө менен келишим түзүп, келтирилген чыгымды толугу менен төлөгөндө ушул беренелерде каралган жазанын жарымын абакта өтөшү керек. Шектүү күнөөсүн мойнуна алса да пробациялык жаза колдонулбайт.
Кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган деп сот жообуна тартылгандар белгилүү бир кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратылып, эки жылга чейинки мөөнөткө соттолот же мүлкү мамлекетке алынат. Документте мындан башка бир катар жазалар каралган. (BTo)
Шерине