Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын (ЖАК) төрагасынын орун басары Рахатбек Жапаров өз каалоосу менен жазган арызына байланыштуу 14-январда кызматтан бошотулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” ЖАКтын басма сөз кызматы кабарлады.
Рахатбек Жапаров Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаровдун иниси.
54 жаштагы Рахатбек Жапаров Кочкор районунун Кочкор айылында туулган. 1993-жылы Кыргыз архитектура-курулуш институтун “Автомобиль жолдорун куруу” адистиги, 2006-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын “Юриспруденция” адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолун 1995-жылы Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Мамлекеттик автоинспекция башкармалыгынын Жол-кайгуул кызматында инспектор болуп баштаган.
2019-2020-жылдары Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Финансы-чарбалык башкы башкармалыгынын башчысы, 2020-жылдан бери ЖАКтын төрагасынын орун басары болуп иштеп келаткан. (BTo)
Шерине