Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:06

Милиция Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы бычакталганын билдирди


Ала-Бука районунун Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы А.А. бычак жеп, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы 15-январда кабарлады. Маалыматта окуя тууралуу 12-январь саат 15:50 чамасында кабар түшүп, аны 71 жаштагы аял сол көкүрөгүнө бычак менен сайып жибергени белгиленген.

"Териштирүү учурунда 1974-жылы туулган А.А. аттуу жаран Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы экендиги жана ал жол боюнда мыйзамсыз соода-сатык жүргүзгөн жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткан учурда 71 жаштагы Х.Ю. аттуу аял киши ашкана бычагы менен аны көкүрөгүнүн сол тарабына сайып алгандыгы аныкталды. Ю.Х. аттуу аял 1999-жылдан бери психологиялык жактан жабыркап, каттоодо тургандыгы маалым болгон", - деп жазылган маалыматта.


Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренелери ("Кылмыш жасоого аракеттенүү", "Адам өлтүрүү") менен кылмыш иши козголгон.

Учурда шектүү 48 саатка камалып, тергөө жүрүп жатканы белгиленди. Ушул тапта Ала-Бука айыл өкмөтүн Абдибаит Азимов жетектейт. (КЕ/ТВ)

Шерине

XS
SM
MD
LG