Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:36

ЖМК боюнча жаңы мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке түштү


Бишкекте өткөн акциялардын бири жана Жогорку Кеңештин имараты. “Азаттыктын” коллажы.
Бишкекте өткөн акциялардын бири жана Жогорку Кеңештин имараты. “Азаттыктын” коллажы.

“Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорунун жаңы иштелип чыккан редакциясы Жогорку Кеңешке түштү.

Документте онлайн платформалар жана маалымат каражаттары милдеттүү түрдө мамлекеттик каттоодон өтүш керек деген талап алынып салып, редакция ыктыярдуу түрдө каттоодон өтсө болору, маалымат каражатынын булагын сыр катары сактоо укугу каралган.

Ошондой эле буга чейинки мыйзам долбоорунда ЖМКлар Юстиция министрлиги менен Санариптик өнүктүрүү министрлигинен каттоодон өтүшү керектиги жазылса, бул жолку вариантта Юстиция министрлигинен гана каттоодон өтүү сунушталды.

Буга чейин Кыргызстандын аймагында маалымат каражаттарын негиздегенде чет өлкөлүк катышуу 50% ашпашы керек деп айтылса, бул жолу мындай норма телеканалдарга тиешелүү деп иштелип чыкты.

Жаңы редакцияда маалымат каражаттарын жоопкерчиликтен бошотуу жагдайлары такталган. Ага ылайык, расмий булактан алынган маалыматты же коомдук жайда айтылган билдирүүнү чагылдыруу үчүн жоопкерчилик каралбайт. Ошондой эле мамлекеттик органдардан маалымат алуунун жол-жобосу иштелип чыкты. Анда журналисттер мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын ишмердиги тууралуу маалымат сураган учурда үч күндүн ичинде жооп бериши, эгерде тактоо зарыл болсо, 14 календардык күн ичинде маалымат бериши керек. Бирок бул тууралуу мамлекеттик орган маалымат каражатына алдын ала эскертиши зарыл.

Андан тышкары жалпыга маалымдоо каражатынын иши уюштуруучунун же соттун чечими менен гана токтотулушу же токтотулуп турушу мүмкүн экени жазылган.

Кыргызстанда бийликти күч менен басып алууга же конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө ачык чакырык камтыган материалдарды бир жылда бир нече жолу (эки жолудан ашык) жарыялаган ЖМКга жазуу жүзүндө эскертүү берилип, ал аткарылбаса медиа жабылат.

2024-жылы 13-мартта президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер кабинети сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору артка кайтарылган. 7-мартта Садыр Жапаров Кыргызстандагы 40тай жалпыга маалымдоо каражатынын жетекчилери менен жолугуп, ЖМКлар менен конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин айткан.

Расмий маалымат боюнча, ушул тапта Кыргызстанда 2740 ЖМК каттоодон өткөн. Эгерде Министрлер кабинети сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи вариантында кабыл алынса, ЖМКлар кайра каттоодон өтүп, аны Юстиция министрлиги жүргүзмөк.

Жогорку Кеңешке киргизилип, айрым комитеттерден биринчи окууда колдоо тапкан бул документти эл аралык жана жергиликтүү уюмдар сынга алган.

Садыр Жапаров документти иштеп чыгуу үчүн 2022-жылы декабрда да жумушчу топ түзгөн. Президенттин администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов топтун жетекчиси болгон. Бирок президенттик аппараттын юридика бөлүмү жумушчу топтогу жарандык коомдун өкүлдөрүнүн берген сунуштарын акыркы 5-вариантка киргизбей койгондо алар Садыр Жапаровго ачык кат менен кайрылып, мыйзам долбоорун мындай абалда кабыл албоо керек экенин айтышкан. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG