Казакстандын Актөбө шаарында эки кишинин өлүмү менен аяктаган барымтага алуу окуясы иликтенүүдө. “Азаттыктын” казак редакциясы полициянын маалыматына шилтеме менен жазганына караганда, 13-январдын кечинде бир адам калаанын жер тамдар жайгашкан районунда менчик үйгө кирип барып, ал жактагы кишилерди барымтага алган.
Полиция кызматкерлеринин аны менен сүйлөшүү, кармап турган адамдарды бошоттуруу аракетинен майнап чыккан эмес. Натыйжада тартип коргоочулар чабуул койгон. Ал маалда үйдө тиги адамдын таанышы, 40 жаштагы аял жана ата-энеси бар болчу.
Күч органдары операция ийгиликтүү өткөнүн, шектүү кармалганын маалымдаганы менен андан кийин эки киши каза болгону белгилүү болду.
Полиция департаментинин жетекчи орун басары Абай Жусуповдун айтымында, турак жайдын жер төлөсүндө бычак жеген эки улгайган киши табылган.
Саламаттыкты сактоо бөлүмүнөн 67 жаштагы аял окуя болгон жерде каза тапканын, 75 жаштагы эркек киши реанимацияга жеткирилип, бирок дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала албаганын билдиришти.
Жарадар болгон 40 жаштагы аялдын абалы оор деп бааланууда.
Трагедия болгон жерге жакын жашаган кошуналар аларга үйүнөн чыкпоо көрсөтмөсү берилгенин кабарчыларга айтып беришти.
Шектүү кылмышка эмне себептен барганы айтылган жок. Полиция тергөө баштады.
Шерине