13-январда Азербайжандын соту жарандык активист Бахтияр Гажиевди 10 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоо өкүмүн чыгарды. Бул тууралуу «Азаттыктын» азери кызматы кабарлады. 2022-жылдын 9-декабрында кармалган активист ошондон бери камакта отурат.
Гаджиев "мыйзамсыз ишкердикке", "аткезчиликке", "жасалма документ колдонууга", "салык төлөөдөн качууга", "кылмыштуу жол менен алган мүлктү мыйзамдаштырууга" айыпталган.
Ал сотто сүйлөгөн акыркы сөзүндө тагылган айыптарды жүйөсүз деп эсептерин, саясий себептен улам куугунтукка кабылганын, сын айтканы үчүн ички иштер министринин көрсөтмөсү менен кармалганын айтты. Ички иштер министрлиги бул дооматты четке кагууда.
Гажиев анын чөнтөк телефонуна тыңчылык кылган Pegasus программасы орнотулган, анын жардамы менен күч түзүмдөрү жеке маалыматтарын алган деп эсептейт.
2021-жылдын июлунда "Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору" (OCCRP) Азербайжандын бийлиги журналисттердин, укук коргоочулардын жана оппозиция өкүлдөрүнүн телефондоруна кирүү үчүн израилдик NSO компаниясынын Pegasus программасын колдонгону тууралуу иликтөө жарыялаган.
Азербайжанда бийликке сын көз карашын айткандар менен күрөшүү үчүн "салыктан качуу", "көз боёмочулук" деген экономикалык беренелер менен иш козголгон учурлар көп кездешет.
Шерине