Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:55

Румынияда президенттик шайлоонун жокко чыгарылышына каршы акция уланды


Ашынган оңчулдар уюштурган акция. Бухарест, 12-январь 2025-жыл
Ашынган оңчулдар уюштурган акция. Бухарест, 12-январь 2025-жыл

Бухарестте жекшемби күнкү демонстрацияга чогулгандар президенттик шайлоонун жокко чыгарылышына нааразылыгын билдиришти.

24-ноябрдагы добуш берүүнүн биринчи айлампасын орусиячыл талапкер, анча таанымал эмес ашынган оңчул саясатчы Кэлин Жоржеску күтүүсүздөн жеңген. Румыниянын Конституциялык соту өнөктүккө Орусиянын кийлигишкени боюнча жергиликтүү атайын кызматтын далилдерине таянып, шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарган.

Демонстрациялар былтыркы 6-декабрдан бери уланып келет. Жекшембидеги акцияга 200дөй киши катышканы, алар соттун чечимин өзгөртүүнү, 21-декабрда кызмат мөөнөтү соңуна чыккан президент Клаус Йоханнистин отставкасын талап кылганы маалымдалды.

Акция тынч өткөнү менен полиция “бычак жана башка тыюу салынган буюмдарды” көтөрүп жүргөнү үчүн үч кишини кармады.

Жоржеску НАТОну сындап, Украинага жардам берүүгө каршы чыгып келген.

4-декабрда Румыниянын Улуттук коргонуу кеңеши өлкө "агрессивдүү гибриддик аракеттердин" бутасында калып, анын жыйынтыгында Жоржеску шайлоонун биринчи айлампасында жеңишке жеткенин ырастаган жашыруун документтерди ачыктаган. Румыниянын атайын кызматынын эсебинде, Орусия Тик Токто Жоржескуну колдогон кеңири кампания жүргүзгөн.

Орусия Румыниядагы шайлоого аралашканын четке кагып келет.

8-декабрдагы экинчи турда Жоржескуга атаандаш болуп Кымпулунг шаарынын мэри Елена Ласкони чыкмак.

10-январда Жоржескунун адвокаттары Конституциялык соттон чечимин өзгөртүүнү, биринчи турдун жыйынтыгын калыбына келтирүүнү өтүндү.

Жаңы шайлоо 4-майга белгиленди. Жоржеску анда ат салыша алабы же жокпу белгисиз.

Шерине

XS
SM
MD
LG