Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:06

Тегеран АКШ кол салууга айыптаган ирандык киши Италияда бошотулганын бышыктады


Мохаммад Абедини. Архив
Мохаммад Абедини. Архив

Тегеран Италияда кармалган ирандык киши мекенине кайтып барганын бышыктады. Вашингтон Иорданиядагы кандуу дрон чабуулуна тиешеси үчүн 38 жаштагы Мохаммад Абедининин экстрадициясын талап кылган.

Мындан төрт күн мурун италиялык журналист Чечилия Сала Ирандагы түрмөдөн бошотулганы менен туткундарды айырбаштоо тууралуу маалымдалган жок.

Ирандын Тышкы иштер министрлиги Абедини 12-январда кое берилгенден кийин үйүнө келгенин билдирди.

Иран жана Швейцариянын жараны АКШнын өтүнүчү менен декабрда кармалган.

Вашингтон аны америкалык санкцияларды бузуп, Ирандын аскерлерин дрондордун алдынкы технологиялары менен камсыздаган деп айыптоодо жана бир жыл мурун АКШнын Иорданиядагы базасына сокку урууга тиешеси бар деп шектенет. Ал кол салуудан америкалык үч аскер мерт кеткен.

Кошмо Штаттардын Юстиция министрлиги Абедини “аскердик пилотсуз учактардын программасында колдонулган навигациялык жабдыктарды” чыгарган компанияны негиздеп башкарчу деп билдирген.

Ирандын Тышкы саясий мекемеси маалымдагандай, ишкер “өз ара түшүнбөөчүлүктөн” улам кармалган, маселе эки өлкөнүн атайын кызматтары тарабынан чечилди.

Италиялык Corriere della Sera гезити Абедини Миландагы кармоочу жайдан апелляциялык соттун чечими менен бошотулганын жазды.

Ал эми Италиянын Юстиция министрлиги Рим менен Вашингтон ортосундагы келишимге ылайык, кылмыш үчүн эки өлкөнүн мыйзамдарында тең жаза чегерүү каралганда гана экстрадиция кылынарын билдирди.

АКШ Абедининин кое берилишине байланыштуу комментарий жасай элек.

Чечилия Сала 19-декабрда “журналисттик ишмердиги үчүн” Тегеранда кармалып, 8-январда кое берилгенден кийин мекенине кайткан.

Шерине

XS
SM
MD
LG