13-январда Социал-демократтар партиясынан Бишкек шаардык кеңешине талапкер Анарбек Катаганов кармалганын партиянын дагы бир мүчөсү Кадыр Атамбаев “Азаттыкка” билдирди.
Анын айтымында, Катаганов телефон аркылуу аудио билдирүү жөнөтүп, аны милиция кызматкерлери кармап кеткенин айткан. Андан бери Катаганов менен байланыш жок экенин белгиледи.
“Анарбек Катаганов биздин катарыбызга жакында эле кошулуп, Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо 41-катардагы талапкер болуп кирген. Анын күтүүсүз жана негизсиз кармалышы – кезектеги күч колдонуу жана коркутуу аракети. Катаганов жарандык позициясын активдүү билдирип келет. Ал Темирлан Султанбековду коргогон маалымат жыйында да сүйлөп чыккан жана кырдаал тууралуу коомчулукка тынымсыз билдирип турган”, - деп Атамбаев Фейсбук баракчасына жазды.
Бишкек шаардык милициясы Катагановдун кармалганы тууралуу маалыматка комментарий бере элек.
Мунун алдында Социал-демократтар партиясы дагы бир мүчөсү Жанна Самышева кармалганын билдиришкен. 13-январда анын адвокаты Самышева партияга добуш сатып алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде күбө катарып суралып, коё берилгенин “Азаттыкка” маалымдады.
Социал-демократтар партиясынын лидери 26 жаштагы Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер 2024-жылдын 13-ноябрынан бери камакта. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добушун сатып алуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козголгон. Бишкектин Свердлов райондук соту 15-ноябрда аларды эки айга камакка алган. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы козголгон кылмыш ишине жана тергөөнүн маалыматтарына таянып, Социал-демократтар партиясын 17-ноябрда өткөн Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен.
9-январда аталган сот булардын камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узартты. Партия өкүлдөрү айыпты четке кагып, саясий куугунтук деп баалап келет.
Темирлан Султанбеков 13-ноябрда, милиция кызматкерлери кармаган күндөн тартып ачкачылык жарыялаган. Жакындары ал суу жана шире гана ичип жатканын, бул аралыкта ал 12 кг арыктап, саламаттыгы начарлаганын айтып, бийлик башындагылардан аны бошотууну сурашкан. (TAb)
Шерине