№3 түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Сыймык Биримкулов абакта тыюу салынган кол телефонду колдонуп жүргөнү үчүн тартип жоопкерчилигине тартылып, айып изоляторуна киргизилген. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматы 13-январда билдирди.
Маалыматка ылайык, 12-январда аталган абакта жазасын өтөп жаткан Сыймык Биримкуловго сырттан да түрмөдө тыюу салынган буюмдарды киргизүү аракетине бөгөт коюлган. Анын ичинде үч даана бычак, таякча, патрондору менен пневматикалык газ тапанчасы, оюнчук тапанча, iPhone маркасындагы эки уюлдук телефон жана бир даана Redmi телефону болгон. Бул буюмдарды Биримкуловго киргизүүгө аракет кылган Ж.К. аттуу жаран кармалып, Ысык-Ата районунун ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилген.
Сыймык Биримкулов “Дөө Чыңгыз” деген каймана ат менен таанымал Чыңгыз Жумагуловдун өлүмүнө айыпталып, камалган алты адамдын бири. Аны Октябрь райондук соту былтыр апрелде 20 жылга эркиндигинен ажыраткан.
Жаза аткаруу кызматы түзөтүү мекемелерине жана тергөө изоляторлоруна тыюу салынган буюмдарды берүү же өткөрүү аракети үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти.
Былтыр декабрь айында Кыргызстандагы абак жайларда кармалып тургандар түрдүү тинтүүлөргө нааразылык кылып, ачкачылык жарыялаганы, айрымдары сабалганы тууралуу социалдык тармактарда жазылган. 23-декабрда ондон ашык киши абакта кармалган жакындары менен жолуктурууну талап кылып чыгышкан. Алар абакта отургандар Жаза аткаруу кызматынын жаңы дайындалган жетекчиси Чыңгыз Кожошевге каршы экени айтылган.
Көп өтпөй президент Садыр Жапаров түрмөлөрдөгү кырдаал тууралуу маалыматтар боюнча комментарий берип, тартип болбосо өлкө өнүкпөй турганын айткан. Мамлекет башчы абакта отургандар телефонду эркиндиктеги адамдарды алдап, шылуундук кылып, акчасын тоноо үчүн колдонушарын белгилеген. (ZKo)
Шерине