Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:13

Бишкек мэриясы 52 троллейбус электробус болуп жасалып чыгарын билдирди


Бишкек. Архив.
Бишкек. Архив.

Бишкек шаардык мэриясы каттамдан чыгарылган 52 троллейбус электробус болуп кайра жасалып чыга турганын билдирди. Бул тууралуу калаа мэринин орун басары Жамалбек Ырсалиев 13-январда “Биринчи радиого” берген маегинде айтты.

“Бишкек шаардык кеңешинин токтомунун негизинде троллейбустарды Ош шаарына бергенбиз. Андан калган 52 троллейбусту электробус кылып жасоого даярдык көрүп жатабыз. 2017-жылы чыгарылган троллейбустар буга ылайыктуу экен. Аларга батерейка коюп, түз айдалып, бардык жерге жеткенге аракет кылабыз”, - деди Ырсалиев.

Анын айтымында, учурда Бишкекте 1 200 даана автобус каттамга чыгып жатат. Ошондой эле 2025-жылы 120 даана электробус алып келинерин кошумчалады.

Былтыр 13-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек мэриясынын карамагындагы 100 троллейбусту Ош шаарына берүү токтомуна кол койгон. Документте 2025-жылдын экинчи кварталында Бишкекке 120 электробус алынып келери, ушундан улам троллейбустар Ошко берилген күндө да борбордо жүргүнчүлөрдү ташууда маселе жаралбай турганы айтылат.

Анын алдында эко-активисттер Бишкектеги троллейбустарды электробустарга алмаштыруу маселеси каралып жатканын айтып, ага каршы чыгышкан. Алар троллейбустар экологиялык коомдук транспорт экенин белгилешкен.

Мурда Бишкекте күн сайын 115-125 троллейбус каттамга чыгып келген. (TAb)

Шерине

XS
SM
MD
LG