Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:53

Малала мусулман лидерлерин ооган талибдерин “мыйзамдаштырбоого” чакырды


Малала Юсуфзай Пакистанда өтүп жаткан кыздардын билим алуусуна арналган саммитте. 11-январь, 2025-жыл.
Малала Юсуфзай Пакистанда өтүп жаткан кыздардын билим алуусуна арналган саммитте. 11-январь, 2025-жыл.

Нобель Тынчтык сыйлыгынын лауреаты Малала Юсуфзай мусулман лидерлерин Ооганстандагы Талибан өкмөтүн “мыйзамдаштырууга” эмес, согушчан топтун аялдардын жана кыздардын билим алуусун чектөөсүнө каршы “үн чыгарып” жана “өз күчүн колдонууга” чакырды. Бул тууралуу ал 12-январда өз мекени Пакистанда өткөн мусулман коомунда кыздардын билим алуусуна арналган саммитте сүйлөгөндө билдирди.

«Жөнөкөй сөз менен айтканда, талибдер аялдарды адам катары көрүшпөйт. Алар өздөрүнүн кылмыштарын маданий жана диний негиздемелер менен жаап-жашырышат», - деди 27 жаштагы Юсуфзай Исламабадда чогулгандарга кайрылуусунда.

Иш-чарага 50гө жакын мусулман өлкөлөрү өз өкүлдөрүн жиберген. Бирок аялдардын жана кыздардын укуктарын бузганы үчүн кескин сынга кабылган талибдердин өкүлдөрү иш-чарага катышкан эмес.

Жолугушуу алдында Юсуфзай Ислам кызматташтык уюмуна мүчө 57 өлкөнүн ичинен аялдардын билим алуусуна тыюу салган Ооганстанга кайрыларын билдирген.

"Мен бардык кыздардын мектепке баруу укугун коргоо жана эмне үчүн лидерлер талибдерди ооган аялдарына жана кыздарына каршы кылмыштары үчүн жоопко тартуу керек экендиги жөнүндө айтып берем", - деп жазган Малала Х баракчасына.

Талибдер Пакистандын Сват аймагын көзөмөлгө алган учурда Малала 10 жашта болгон. Талибдер кыздарга мектепке барууга тыюу салган мезгилде ал билим алуу укугу үчүн күрөшкөн. Малаланы 2012-жылы 9-октябрда мектептен үйүнө бараткан жолдо автобуста атып кетишкен.

Башынан жарадар болгон 14 жаштагы өспүрүм дарылануу үчүн Британияга жеткирилип, бир нече операциядан кийин өзүнө келген.

2014-жылы Малала 17 жашында Нобелдин Тынчтык сыйлыгына татып, кийин Улуттар Уюмунун эң жаш элчиси болгон. Малала кыздардын билим алуусу үчүн күрөшүн улантып, Malala Fund уюмун түзгөн. Бул уюм 2017-жылдан бери Ооганстандагы балдардын билим алуусуна 1,9 млн доллар инвестиция салган. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG