Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:55

Сеул Украина Түндүк Кореянын эки аскерин туткунга алганын ырастады


Түндүк Кореянын аскерлери Пхеньяндагы жүрүштө.(архивдик сүрөт)
Түндүк Кореянын аскерлери Пхеньяндагы жүрүштө.(архивдик сүрөт)

12-январда Түштүк Корея Украина күчтөрү Түндүк Кореянын эки аскерин туткунга алганын ырастады. Бир күн мурда Украинанын президенти Владимир Зеленский анын коопсуздук кызматы Орусиянын Курск аймагында кармалган эки согушкерди суракка алып жатканын кабарлаган.

"Түштүк Кореянын Улуттук чалгын кызматы Украинанын чалгын кызматы менен кызматташуу аркылуу украин аскерлери 9-январда Орусиянын Курск согуш талаасында эки түндүк кореялык жоокерди туткунга алганын тастыктады", - деп айтылат Сеулдун билдирүүсүндө.

Сеул туткундардын бири "Украинага каршы согушка эмес, машыгууга бара жатканын" айтканын билдирген.

Украинынан коопсуздук кызматы дагы бир адам жаагынан жаракат алган аскер 1999-жылы туулганын жана Түндүк Корея армиясында снайпер болгонун суроолорго жазуу иретинде жооп бергенин кабарлады.

Украинанын Коопсуздук кызматынын маалымдашынча, Түндүк Кореянын аскерлеринин бири 9-январда кармалган. Алар корей тилинен башка бир да тилде сүйлөй албай турганы, жоокерлер менен Түштүк Кореянын чалгын кызматынын жардамы менен котормочу аркылуу сүйлөшүп жатышканы кабарланды.

Түштүк Кореянын чалгын кызматы Пхеньян Орусияга кошумча жоокерлерин жана аскер техникаларын жиберүүгө даярданып жатканын билдирүүдө. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG