Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:04

АКШ - Мексика чек арасында "Вагнердин" мурдагы жалданма жоокери кармалды


 10-январда АКШда кармалган Тимур Пралиев былтыр жыл соңунда эле "аскердик операциянын ардагери" күбөлүгүн алган. 12-декабрь, 2024-жыл.
10-январда АКШда кармалган Тимур Пралиев былтыр жыл соңунда эле "аскердик операциянын ардагери" күбөлүгүн алган. 12-декабрь, 2024-жыл.

АКШнын чек ара кызматы "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын мурдагы жалданма аскери Тимур Пралиевди кармаганы маалым болду. Ал Техастагы Рио-Гранд дарыясын Мексика тараптан мыйзамсыз сүзүп өтүүгө аракет кылган. Окуя 4-январда болгонун АКШнын маалымат каражаттары сот документтерине таянып жазды.

Кармалгандан кийин Пралиев Казакстандын жараны экенин айткан. Анын жанынан бир эле Казакстандын эмес, Орусиянын да паспорту, 4000 доллар, 60 миң песо (Мексика акчасы) жана дрон табылган.

Суракта Пралиев "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын катарында согушканын мойнуна алган. АКШ бул аскердик компанияны Африка мамлекеттериндеги жана Украина аймагындагы согуш кылмыштарына жана башка зордук-зомбулуктарга тиешеси бар деп эсептейт.

5-январдагы сотто Пралиев чек араны мыйзамсыз өткөнү боюнча күнөөсүн мойнуна алган. Азырынча ал федералдык түрмөдө кармалып турат.

Ал эмнеге АКШнын аймагына кирүүнү чечкени азырынча белгисиз. Бир ай мурда Орусияда ал "аскердик операциянын ардагери" күбөлүгүн алган

АКШнын прокуратурасы жана чек ара кызматы "Свобода" радиосунун Пралиев тууралуу маалымат берүү өтүнүчүнө жооп кайтарган жок.

Эгер Пралиев Казакстанга депортацияланса ага Орусиянын жарандыгын алганы үчүн кылмыш иши козголушу мүмкүн.

Казакстанда кош жарандыкка уруксат берилбейт.

Шерине

XS
SM
MD
LG