Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:49

Беларус бийлиги Лукашенко Зеленскийден кечирим сураганын четке какты


 Александр Лукашенко. Минск, 31-октябрь 2024-жыл
Александр Лукашенко. Минск, 31-октябрь 2024-жыл

Беларустун авторитардык жетекчиси Александр Лукашенконун басма сөз катчысы украин президенти Владимир Зеленскийдин айтканын четке какты.

Наталья Эсмонттун айтымында, “Беларус президенти Зеленскийден кечирим сураган эмес. Себеби кечирим сурай тургандай эч нерсе жок болчу”.

Дүйшөмбү күнү амеркиалык блогер Лекс Фридман менен жарыяланган интервьюда Зеленский Орусия басып кирген 2022-жылдын февралында Лукашенко анын өлкөсү тараптан Украинага ракета атылганы үчүн кечирим сураганын айткан.

“Владимир, бул мен эмес. Бул мен эмес... Мен абалды көзөмөлдөгөн жокмун. Ракеталар менин аймагыман атылды, аларды (орус президенти Владимир ) Путин аткан... Түшүнсөң, орустар менен согушпаш керек деп айткан”, - деп баяндаган украин президенти.

Эйсмонт согуштун алгачкы күндөрүндө эки жетекчи сүйлөшкөнүн бышыктап, “Лукашенконун кенже уулу Николай эмоцияга берилип, атасына телефон чалдырганын” айтты.

Беларус Украинага каршы согушка аскер жөнөтпөгөнү менен Орусияга өз аймагын кол салуу үчүн плацдарм катары пайдаланууга мүмкүнчүлүк берген.

2023-жылы Москва менен Минск беларус жергесине орусиялык тактикалык ядролук курал жайгаштырууга жол ачкан документтерге кол койгон. Бул чечим сынга кабылып, НАТО аны “кооптуу жана жоопкерсиз” деп атаган.

Шерине

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG