Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:16

Орусияда бир жуманын ичинде эки учактын мотору иштебей калды


Архив сүрөт.
Архив сүрөт.

Орусиялык авиакомпаниялар тейлеген эки жүргүнчү учактын кыймылдаткычтары абада иштебей калып, кайрадан аэропортко конушкан. Бул авариялар санкциялардан улам учактарды оңдоодо жана тейлөөдө маселе жаралган учурга туш келүүдө.

Авиакырсыктарга мониторинг кылган "Авиаторщина" телеграм-каналы эки окуя 2-3-январда катталганын кабарлады. Маалыматка караганда, 3-январда "Урал аба жолдору" компаниясынын Airbus A321 учагынын сол кыймылдаткычы 4500 метр бийиктикте иштебей калган. Учак Шарм-эл-Шейхтен Екатеринбург шаарына сапар алган. Бул окуя боюнча иликтөө жүрүп жатканы айтылды. Учактын ичинде 164 адам болгон.

2-январда NordStar компаниясынын Boeing 737 учагынын да сол мотору иштен чыккан. Учак 11 миң 300 метр бийиктикке көтөрүлгөн учурда кыймылдаткычынан маселе жаралган. Анын ичинде 164 жүргүнчү болгон. Биринчи учакка 6 жыл, экинчисине 16 жыл болгон. Эки учакта тең америка-француз концернине таандык CFM International компаниясынын кыймылдаткычтары болгон.

Украинага согуш ачканына байланыштуу АКШ жана Евробиримдик Орусиянын авиа тармагына санкция салган. Өлкөгө авиа тетиктерди ташып келүүгө жана орусиялык авиатехниканы тейлөөгө тыюу салынган.

Шерине

XS
SM
MD
LG