Казакстандын Актау шаарына жакын жерде жүргүнчү учагы кыйрашына "тышкы кийлигишүүлө" себеп болгонун Азербайжандын Транспорт жана санарип өнүктүрүү министри Рашад Набиев билдиргенин Media.az сайтына шилтеме кылып "Би-Би-Си" жазды. Министр Набиев мындай баштапкы жыйынтыкка эксперттер учактын сыныктарын иликтөөдөн жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүнөн улам келишкенин айткан.
"Кандай тышкы кийлигишүү болгонун тергөө аныктайт", -деген Набиев учактагы жүргүнчүлөрдүн аман калгандары, анын ичинде орусиялык жарандар да Грозныйдын үстүндө учуп баратканда жарылуулардын үнү угулганын айтышкан.
Учактагы 67 адамдын 38инин өлүмүнө алып келген кыйроо тышкы себептерден улам болгонун буга чейин Embraer 190 жүргүнчү учагына ээлик кылган Azerbaijan Airlines компаниясы да билдирген.
Компания коопсуздуктан улам 28-декабрдан тартып Орусиянын сегиз шаарына каттамдарын токтоткон.
Орусиянын айрым аймактарына каттамдарын убактылуу токтотконун FlyDubai, Qazaq Air компаниялары кабарлашкан. Ал эми Израилдин El Al аба компаниясы Орусияга жалгыз Тель-Авив - Москва каттамын токтотконун билдирди.
Баку-Грозный каттамындагы Azerbaijan Airlines компаниясына таандык Embraer 190 жүргүнчү учагы 25-декабрда Казакстандын Актау шаарынын жанында кулаган.
Борттогу 67 кишинин 38и каза болду, калгандары жаракат алган.
"Рейтер" агенттиги иликтөөдөн кабары бар азербайжандык булактарга таянып, Embraer 190 орусиялык “Панцирь” системасынан атылган дүрмөттөн жабыркаганын жазды. Маалыматтарга караганда, авариялык конуу өтүнүчүнө карабай, учакка орусиялык аэропортторго конууга уруксат берилбей, Каспий аркылуу Актауга баруу көрсөтмөсү берилген.
Орусиянын Жарандык авиация агенттигинин (Росавиация) жетекчиси Azerbaijan Airlines компаниясынын учагы конууга аракеттенген маалда украиналык дрондор Грозныйга чабуул коюп жатканын жума күнү билдирди.
Бийликтер тыянак жасоо үчүн иликтөөнү күтүү керектигин белгилешет. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков иликтөөчүлөр бир бүтүмгө келгиче спекуляция кылуу “туура эмес” деп айтты.
Шерине