Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:03

Словакия Украина орус газын өткөрбөсө, электр жарыгысыз каларын эскертти


Роберт Фицо
Роберт Фицо

Словакия Украина Орусиянын газын өткөрбөй турган болсо, электр энергиясын берүүнү токтотуп кое аларын өлкөнүн премьер-министри Роберт Фицо эскертти. Анын бул тууралуу видеосу социалдык түйүндөргө жарыяланды.

Фицо анда 1-январдан тартып Орусиянын газы Украина аркылуу транзиттик жол менен токтогондон кийин, Словакия өкмөтү кырдаалга жараша Киевге жооп чара көрөрүн белгиледи. Анын сөзүнө караганда, электр энергиясын берүүнү токтотуу жооп чаралардын бири болушу мүмкүн.

Видеодо Фицо ошондой эле Орусиянын газын өткөрбөө өлкөнүн экономикасына сокку урарын белгилеп, баалардын өсүшүнө алып келишин эскертти. Ал украин президенти Владимир Зеленскийди сындап: "Словакия кимди ойлондурат, Зеленский мырза? Сиз кышында тоңбош үчүн бир нерсе керек болсо, аны дүйнөгө айтып чыгасыз", - деди.

Орусиянын газын Украина аркылуу Европа биримдигине өткөрүү 1-январда токтойт.

Декабрь айында Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо Москвага барып, Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушкан. Анда бул тема талкууланган.

Украин президенти Владимир Зеленский бул жолугушууну сындап, Фицонун аракети өлкөнүн атайын кызматтары тарабынан иликтениши керектигин айткан.

Фицо Орусияга сапары алдында украин президенти аны сатып алууга аракеттенгенин, Братислава Украинанын НАТОго киришин колдоп добуш берсе, ага Евробиримдиктеги Орусиянын тоңдурулган каражатын алууну сунуштаганын айткан.

27-декабрь күнү Евробиримдик өлкөлөрү үчүн АКШдан суюлтулган газдын алгачкы партиясы Грекиянын портуна келип түшкөнү кабарланган.

Шерине

XS
SM
MD
LG