Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:35

Никополдогу базарга урулган соккудан сегиз киши жабыркады


Днепропетровск облусу соккудан кийин. Украина, 25-декабрь 2024-жыл
Днепропетровск облусу соккудан кийин. Украина, 25-декабрь 2024-жыл

Орус аскерлери бейшембиде Днепропетровск облусундагы Никополь шаарындагы базарга сокку урганын, алты киши жабыркаганын Украинанын чукул кырдаалдар кызматы билдирди.

Облустун аскердик администрациясынын башчысы Сергей Лысак шаар жанкечти дрондордун чабуулуна кабылганын тактады. Маалыматка ылайык, үч аялдын абалы оор деп бааланууда, калгандары орточо оор абалда.

Украинанын аба күчтөрү 26-декабрга караган түнү өлкөгө 31 «Шахед» дрону жана учкучсуз учактардын башка түрлөрү учурулганын, Харьков, Киев, Чернигов жана Днепропетровск облустарында 20 жабдык атып түшурүлгөнүн маалымдаган. Дагы 11 дрондун локациясы жоголгону айтылган.

Ал арада Орусиянын Волгоград облусунда украиналык учкучсуз учактын сыныктары өнөр жай ишканасынын аймагына урап түшкөнү кабарланды. Губернатор Андрей Бочаров эч ким жабыркабаганын кошумчалады.

Орусиянын Коргоо министрлиги Волгоградда үч, Воронеж жана Белгороддо бирден дрон атып түшүрүлгөнүн билдирген.

Шаршембиге караган түнү жана 25-декабрда Украина Иса пайгамбардын туулган күнүн майрамдап жатканда өлкө аймагы жапырт аткыланып, энергетика инфраструктурасы бутага алынганы маалымдалган.

Шерине

XS
SM
MD
LG