Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:27

Кыргызстанда 11 айда маңзатка байланышкан миңден ашык кылмыш катталды


Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин имараты.
Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин имараты.

Быйыл жыл башынан бери баңгизаттар боюнча 1087 кылмыш аныкталганын, анын 144 фактысы интернет аркылуу маңзат сатууга байланыштуу экенин ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдирди. Ал 24-декабрда Жогорку Кеңештеги Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин жыйынында сүйлөп жатып, интернет аркылуу маңзат сатуу көйгөйү курчуп жатканын белгиледи.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин байланыш кызматынын төрагасынын орун басары Азамат Асанов учурда маңзат саткан интернет сайттарын жана баракчаларды дароо жаап салууга мүмкүн эмес экенин, мындай чаралар соттун чечими менен гана ишке ашарын тактады. Мындан улам министрлик Ички иштер министрлигинен билдирүү түшкөн учурда маңзат саткан интернет сайттарын дароо бөгөттөө боюнча мыйзам долбоорун даярдап жатат.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетовдун маалыматына ылайык, быйыл наркологиялык көйгөй менен ооруканага жашы жете элек 849 бала кайрылган. Ал бул көйгөй боюнча ооруканага кайрылган балдардын саны жыл сайын 20-25% өсүп жатканын айтты.

“Аларды ооруканаларга мажбурлап жаткыра албайбыз. Буга ата-энесинин уруксаты же жашы жеткен болсо, өзүнүн макулдугу менен гана дарылайбыз”, - деди Байдавлетов.

Расмий органдар соңку үч жыл ичинде манзатка байланыштуу 3,5 миңге чукул кылмыш катталып, 17 тоннадан ашык баңгизат алынганын билдирген. Бул кылмыштар боюнча 500дөн ашык адамга айып коюлуп, маңзат даярдоого ылайыкташкан 30га чукул лаборатория аныкталган.

Өлкөдө маңзат даярдоо, сатуу, жеткирүү оор кылмыштардын катарына кирет, ал үчүн 5 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялоо жазасы каралган. (TAb)

Шерине

XS
SM
MD
LG