Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:02

Орусиянын Мусулмандар дин башкармалыгы көп аялдуулук тууралуу фатваны жокко чыгарды


Орусиянын башкы муфтийи Равиль Гайнутдин.
Орусиянын башкы муфтийи Равиль Гайнутдин.

Орусиянын Мусулмандар дин башкармалыгынын Аалымдар кеңеши өткөн жумада чыгарылган "Орусиянын мусулмандар коомундагы көп аялдуулук маселеси" деген фатвасын артка кайтарды. Анда мусулман эркектерге бир нече жолу нике кыйганга уруксат берилген.

Артка кайтаруу чечимине Орусиянын Башкы прокуратурасынын кайрылуусу түрткү болду. Мекеме Мусулмандар дин башкармалыгынын төрагасы, башкы муфтий Равиль Гайнутдинден мыйзам бузууну жокко чыгарууну талап кылган.

Кеңештин төрагасы Шамил Аляутдинов Телеграмга бул чечим "Башкы прокуратуранын жана орус коомунун реакциясынан улам кабыл алынганын" жазды.

"Кудайдын буйругу, Аалымдар кеңеши талашып-тартышууну туура көрбөйт", - деди ал.

Өткөн жумада кабыл алынган фатвада: "Эркектин бардык аялдарына калыс жана бирдей мамиле жасоосу көп аял алуунун негизги шарты катары саналат. Бул деген бардык аялдарын материалдык жактан бирдей камсыздоо, ар бир аялга өз алдынча жашаганга үй бөлүп берүү, ортодо түзүлгөн келишимге ылайык, ар бир аял менен бирдей убакыт өткөрүү дегенди билдирет", - деп жазылган.

Эгер бул шарттардын баарын аткара албаса, эркекке көп аял менен никеге турууга уруксат берилмек эмес. Ошону менен катар Аалымдар кеңеши белгилегендей, "диний никеде турган аялдын укуктары юридикалык жактан бекемделбейт".

ТАСС жана "Интерфакс" агенттиктери жазгандай, Башкы прокуратура бул фатва Орусиянын мыйзамдарына каршы келгендиктен, жокко чыгарууну талап кылган.

Орусиянын Үй-бүлө кодексине ылайык, бир гана Жарандык абалдын актыларын катоо органдарында (ЗАГС) кыйылган нике таанылат.

Шерине

XS
SM
MD
LG