Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:16

Орусияда аскердик аэродром жайгашкан Миллерово шаарына дрон чабуулу болду


Орусиянын аймактарына жасалган дрон чабуулунун кесепети. Архивдеги сүрөт.
Орусиянын аймактарына жасалган дрон чабуулунун кесепети. Архивдеги сүрөт.

Орусиянын Ростов облусундагы Миллерово шаары 23-декабрдын кечинде дрондордун чабуулуна кабылды. Ал жакта аскердик аэродром жайгашкан. Коргоо министрлиги жана аймак губернатору Юрий Слюсарь чабуулдун артында Украина турганын билдирди.

Слюсарь кошумчалагандай, Миллерово аймагында сегиз дрон атып түшүрүлдү. Жабыркандар тууралуу маалымат жок.

Киев адатта Орусиянын аймагында болгон окуяларга расмий комментарий бербейт. Бул жолу Украинанын Коопсуздук кызматына караштуу Жалган маалыматка каршы күрөшүү борборунун жетекчиси Андрей Коваленко Миллероводогу аэродром орус армиясы үчүн абдан маанилүү экенин айтты.

"Ростов облусундагы аэродром Орусия үчүн стратегиялык мааниге ээ. Украинанын чыгышында жана түштүгүндө аскерлердин жардамы менен бир катар тапшырмаларды аткарып жаткан фронт авиациясынын базасы болуп саналат”, - деп жазды ал Телеграмга.

19-декабрда ушул эле Ростов облусундагы Новошахтинск заводуна жасалган дрон соккуларынан өрт тутанган.

Соңку жумаларда Орусия менен Украина ортосунда аба чабуулдар күч алды. Москва Украинанын аймагын дрондор жана ракеталар менен аткылоодо. Орусиянын армиясы негизинен жарандык жайларды жана энергетикалык инфратүзүмдөрдү бутага алып жатканы кабарланып жатат.

Шерине

XS
SM
MD
LG