Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:49

Украиналык мушкер Усик британиялык Фьюрини жеңди


Александр Усик. Архив
Александр Усик. Архив

Украиналык мушкер Александр Усик британиялык атаандашы Тайсон Фьюрини жеңди. Алар буга чейин жарым жыл мурун ошол эле Сауд Арабияда беттешкенде да Усик утуп, оор салмакта дүйнөнүн абсолюттук чемпиону болгон. Ишемби күнкү беттешүүнү спорт талдоочулары реванш алуу аракети катары баалашкан. Ошентип, украиналык спортчу наамын коргоп калды.

Усик жеңишин энесине жана «Украинадагы бардык энелерге» арнады.

"Би-Би-Си" маалымдагандай, мушкерлер биргелешип рекорддук 190 миллион доллар алмакчы.

Усик оор салмакта IBF, WBO, WBA жана WBC уюмдарынын чемпиондук курун тагынган 1999-жылдан берки алгачкы спортчу болуп калды. 2012-жылы Лондон Олимпиадасынын алтын медалын уткан.

Украинанын президенти Владимир Зеленский жана башка жетекчилер мушкерди жеңиши менен куттуктады.

2023-жылдын августундагы ийгилигин Усик “Украина жана украин Куралдуу күчтөрүнө” арнаган. Ошондо ал Вроцлав шаарында британиялык Даниэл Дюбуаны уткан.

Шерине

XS
SM
MD
LG