Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:03

Орусия 42, Украина 57 дронду атып түшүргөнүн билдирди


Дрон соккусу тууралуу скриншот. Иллюстрация. Бул жаңылыкка тиешеси жок
Дрон соккусу тууралуу скриншот. Иллюстрация. Бул жаңылыкка тиешеси жок

Орусиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, жекшембиге караган түнү украиналык 42 дрон атып түшүрүлдү.

Министрликтин Телеграм каналында жазылган маалыматка караганда, 20 дрон Орлов, сегизи Ростов жана Брянск, бешөө Курск, бирөө Краснодар аймагында жок кылынды.

Буга чейин Орлов облусунун облусунун губернатору Андрей Клычков Стальной конь айылында мунай базасына кайрадан сокку урулуп, өрт чыкканын жана кийин өчүрүлгөнүн билдирген.

Ростов облусунда дрондор мунай базалары жайгашкан Таганрог жана Новошахтинск кыштактарына чабуул койгон.

Жабыркагандар тууралуу расмий маалымат жок. Украина тарап бул маалыматтарга комментарий берген жок. Согуш кырдаалында кабарлардын чын-бышыгын ыкчам тактоо мүмкүн болбой турат.

Орусия ишембиге караган түнү Украинага 113 дрон менен чабуул жасап, анын 57си жок кылынганын украин Аба күчтөрү билдирген.

20-декабрда Орусиянын Запорожьедеги дрон чабуулунан 12 жаштагы бала жана дагы бир киши жараат алган.

Харьковдун Салтов районунда дрон турак жайга тийип, алты киши, анын ичинде бир бала жараат алганын облус башчысы Олег Синегубов маалымдаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG