Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:41

Германия: Жарманкеде кишилерди автоунаа менен тебелеп кеткен окуяда беш киши каза тапты


Магдебург.
Магдебург.

Германиянын түндүк-чыгышындагы Магдебург шаарындагы Рождество майрамына карата уюштурулган жарманкеде автоунаа тебелеп кеткен беш киши кайтыш болду, арасында бала да бар. Бул тууралуу Der Spiegel укук коргоо органдарындагы булакка таянып билдирди.

Буга чейин Bild басылмасы төрт киши каза тапканын, 41и жараат алганын полицияга таянып билдирген. Дагы 86 киши оор, 78и жеңил жаракат алганын, жалпы 205 киши жабыркаганын жазган.

Окуя 21-декабрдын кечинде болгон. Автоунаанын айдоочусу дароо кармалган.


Айрым немис басылмалары ал Сауд Арабияда туулган 50 жаштагы дарыгер экенин, Германияга 2006-жылы биринчи жолу келгенин, 2016-жылы качкын макамын алганын кабарлап жатышат. Маалыматтарга караганда, ал Бернбург ооруканасында психиатр, психотерапевт болуп иштеген.

Анын бул кадамга эмне себептен барганы белгисиз. Иликтөө жүрүп жатат.

Немис канцлери Олаф Шольц Магдебургга барып, каза тапкандардын жакындарына көңүл айтты. Президент Франк-Вальтер Штайнмайер окуяны айыптады. АКШ, Улуу Британия, Франция, ЕБ жетекчилиги да көңүл айтуу катын жолдошту.

Сауд Арабия окуяны айыптап, немис элине жана маркумдардын жакындарына тилектештик билдирди.

Шерине

XS
SM
MD
LG