Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:46

Путин Курскиде кармаштар жүрүп жатканын бышыктады


Владимир Путин. Москва. 19-декабрь, 2024-жыл
Владимир Путин. Москва. 19-декабрь, 2024-жыл

Орусиянын президенти Владимир Путин Курск облусунда салгылашуулар жүрүп жатканын бышыктады. 19-декабрдагы түз байланыш учурунда ал жергиликтүү тургундун "Аймак качан бошотулат?" деген суроосуна украин аскерлери ал жактан сүрүп чыгарылат деп жооп кайтарды. Бирок конкреттүү датаны айтуудан баш тартты.

Украин куралдуу күчтөрү Орусиянын Курск облусуна быйыл 6-августта кирип, бир нече күндө 70 чакты айыл-кыштакты алганы кабарланган. Азыркыга чейин да алар бир нече жерди ээлеп турушат.

"Настоящее время" телеканалы жазгандай, Путин Курскидеги кармаштар тууралуу калың эл алдына сөз кылчу эмес. Расмий маалыматка караганда, региондон 112 миң киши чыгып кетти. Жер которууга аргасыз болгондор турак жай, кенемте, уюштуруу маселелерине нааразылыгын айтып келатышат.

Путин украин аскерлери аймакка эмне максатта киришкенин түшүнбөй турганын айтты.

Украин куралдуу күчтөрүнүн командачысы Александр Сырский шаршембиде Курскидеги операция “зарыл болгонун”, муну менен орус армиясынын Харьков жана Сумы шаарларына карай алга жылуу планы үзгүлтүккө учураганын билдирген. Сырский "пландан майнап чыкты, Орусиянын Курахов жана Покровск багыттарынан башка жерлердеги дараметин алсыратууга жетишилди" деп эсептейт.

Путин украин аскерлери Курскиде чоң жоготууларга туш болгонун, ал жакта "Батыштын өрттөнгөн техникасы жайнап жатканын" айтты.

18-декабрда The New York Times жана Associated Press агенттиктери Пентагондун жогорку даражалуу өкүлүнө шилтеме жасап, Түндүк Кореянын армиясы Курск облусунда жүздөгөн аскерлерин жоготконун жазышкан.

Ага чейин украин Коргоо министрлигинин чалгын башкармалыгы Орусиянын армиясы тарапта согушкан кеминде 30 түндүк кореялык мерт болгонун же жараат алганын билдирген.

Айрым талдоочулардын айтымында, Орусия согушта 600 миңдей кишини жоготкон. Путин калк жактырбаган мобилизациядан качып, Пхеньяндан аскерлерди тарткан. Кээ бир маалыматтарга ылайык, алардын саны 11 миңден ашат.

Шерине

XS
SM
MD
LG