Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:33

18-декабрь: Сирияда адам сөөгү жапырт көмүлгөн жайлар табылды, Абактагы ишкер Ташов ачкачылыгын токтотту


Сирия. Асаддын режими туткундарды кармаган түрмө
Сирия. Асаддын режими туткундарды кармаган түрмө

18-декабрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Дамасктын жанында адам сөөгү жапырт көмүлгөн жайлар табылды

Сирияда бийликтен кулатылган мурдагы президент Башар Асаддын режиминин учурунда 100 миңдей киши репрессияга кабылган болушу мүмкүн. Бул тууралуу 18-декабрда Рейтер агенттигине согуш кылмыштарын иликтөө менен алектенген АКШнын өзгөчө тапшырмалар боюнча мурдагы элчиси Стивен Рапп билдирди.

Рапп бул тууралуу Дамасктын чет жакасындагы Кутайфа жана Нажхи аймактарындагы адам сөөктөрү жапырт көмүлгөн жайларга барып келгенден кийин айтты. Баш кеңсеси АКШда жайгашкан "Өзгөчө кырдаалдар боюнча Сирия ыкчам тобу" уюмунун жетекчиси, укук коргоочу Муаз Мустафа кошумчалагандай, Кутайфа деген аймакта эле миңдеген кишилердин сөөгү жашырылган. Гаагадагы дайынсыз жоголгондор боюнча эл аралык комиссия Сирияда адам сөөктөрү жапырт көмүлгөн 66 жай бар экенин маалымдаган. Бул комиссиянын билдирүүсүнө караганда, Асад бийлик жүргүзүп турган мезгил аралыгында 157 миң киши дайынсыз жоголгон. Кутайфа менен Нажхинин тургундарынын айтымында, бульдозерлер менен казылган аңдарга жүк ташуучу машинелер менен сөөктөрдү алып келип, ыргытып турушкан.

Пентагон: Түндүк Корея Курскиде жүздөгөн аскерин жоготту

Түндүк Кореянын армиясы Орусиянын Курск облусунда жүздөгөн аскерлерин жоготту. Алар кармаштарда набыт болгон же оор жараат алышкан. Бул тууралуу The New York Times жана Associated Press агенттиктери Пентагондун жогорку даражалуу өкүлүнө таянып жазышты. Анын айтуусуна караганда, "курман болгондордун арасында бардык рангдагы аскерлер бар". Мындай көп сандагы жоготууларды ал Пхеньян жиберген аскерлердин тажрыйбасы жоктугу менен түшүндүргөн.

"Бул кармаштардагы аскерлер даярдыктан өткөн эмес. Алар салгылаштарга буга чейин аралашпаган",- дейт ал.

Буга чейин Пентагондун өкүлү Пэт Райдер түндүк кореялык аскерлер Курск облусундагы салгылашууларда жоготууга учураганын билдирген. Алардын так саны маалымдалган эмес.

“Социал-демократтар” Темирлан Султанбековду ачкачылыгын токтотууга чакырды

“Социал-демократтар” партиясы абактагы лидери Темирлан Султанбековду ачкачылыкты токтотууга чакырды. Билдирүүдө Султанбековдун ачкачылык жарыялаганына 35 күн болгону, “ал чындык, адилеттүүлүк жана мыйзамдуулук үчүн күрөштө чечкиндүүлүгүн көрсөткөнү” белгиленген.

Бишкектин Свердлов райондук соту 15-ноябрда Темирлан Султанбековду, Социал-демократтар партиясынын мүчөлөрү Ирина Карамушкинаны жана Роза Түрксеверди эки айга камакка алган. Бишкек шаардык соту 2-декабрда аларды камакта калтырган.

Имамидин Ташов ачкачылыгын токтотту

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор абактагы ишкер Имамидин Ташов ачкачылыкты токтотконун билдирди. Улуттук борбордун жетекчиси Бакытбек Касымкулов 18-декабрда аны менен жолугуп, ачкачылыкты токтотууга тамак-аш жей баштоого көндүрүп, өз позициясын билдирүүгө башка мыйзамдуу ыкмаларды колдонууну сунуштаган. Маалыматка ылайык, Ташов ошол жерден ачкачылыгын токтотуу боюнча расмий арызын жазып берген.

Жазаларды аткаруу кызматы бул маалыматты ырастап, анын тергөө абагындагы кызматкерлерге эч кандай доо-арызы болбогонун билдирди.

Ишкер 6-декабрдан бери ачкачылык кармап жатканын адвокаты Нурсултан Жаныбеков “Азаттыкка” маалымдаган.

17-ноябрда Ташов өзүнө үчүнчү жолу кол салып, Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборуна “Тез жардам” менен жеткирилген. Медициналык кароодон кийин тергөө абагына кайтарылган.

Орусияда генералдын өлүмүнө өзбек жараны шек саналууда

Орусиянын Тергөө комитети жана Федералдык коопсуздук кызматы генерал Игорь Кирилловду жана анын жардамчысын өлтүрүүгө шектүү кармалганын билдирди. Маалыматка караганда, ал 1985-жылкы Өзбекстандын жараны.

Коопсуздук кызматы ырастагандай, шектүү Украинанын атайын кызматтарына азгырылып бул ишке барган. Ага 100 миң доллар убада кылынганын Тергөө комитети кошумчалады.

Ушул эле мекеме тараткан маалыматка ылайык, шектүү генерал жашаган көп кабаттуу үйдүн кире беришинде токтоп турган чыгырыкка бомба койгон. Орусиянын өзөктүк куралдан коргонуу аскерлеринин командачысы, генерал Игорь Кириллов жана анын жардамчысы 17-декабрдын таңында өлтүрүлгөн.

Министрлер кабинетинин жаңы курамы ант берди

Адылбек Касымалиев Министрлер кабинетинин төрагасы болуп дайындалды. Жогорку Кеңеш 18-декабрдагы жыйынында аны менен кошо Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарлыгына Данияр Амангелдиевдин, экономика жана коммерция министри кызматына Бакыт Сыдыковдун талапкерлигин колдоп, президент Садыр Жапаров ушул эле күнү дайындады.

Жыйында депутат Жанар Акаев жаңы өкмөт башчыны салык тармагындагы “чуулгандуу иштерге, ЕАЭБдин алкагында миграциялык көйгөйлөргө жана Орусияга жүк ташуудагы кыйынчылыктарга жоопкер экенин” айтып, сынга алды. Касымалиев салык тармагында өзгөрүүлөр болорун, бул багытта жумушчу топ иш жүргүзөрүн маалымдады. Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров 16-декабрда кызматтан кеткен.

Акылбек Жапаровдун кызматтан кетиши боюнча президент үн катты

Президент Садыр Жапаров 18-декабрда Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров салык системасындагы алешемдиктер үчүн кызматтан кеткенин билдирип, аны саясатташтырбоого чакырды.

“Ачыгын айтып коюш керек, бул жетишкендиктерге Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаровдун дагы салымы бар. Эми анын кызматтан кетишин ашыкча саясатташтыруунун кажети жок деп ойлойм. Бирок өлкө бюджетин түзүүчү салык системасындагы оркойгон терс көрүнүштөр баарыбызды кейишке салды. Маселен, акциз маркаларына байланышкан махинациялар ашкереленип жатат. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, бул тармак Акылбек Үсөнбековичтин түздөн-түз көзөмөлүндө болчу. Демек, салык системасындагы мыйзамсыз аракеттерди мурдатан токтотуп калуу мүмкүн эле”, - деди Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров башка кызматка өткөнүнө байланыштуу делген негиз менен 16-декабрда бошотулган. Анын ордуна өкмөт башчысы болуп Адылбек Касымалиев дайындалды.

“Чет элдик өкүл” боюнча реестрге дагы эки уюм кирди

Юстиция министрлигинин “чет элдик өкүлдүн функциясын аткарып жаткандардын” реестрине дагы эки уюм – “ЮНИСОН” коомдук фонду жана “Германиянын жаратылышты коргоо бирикмеси” (НАБУ) киргени белгилүү болду. Министрликтин сайтына жарыяланган маалыматка караганда, “Германиянын жаратылышты коргоо бирикмеси” Кыргызстандагы ишмердигин 1994-жылы баштаган жана уюм жаратылышты коргоо тармагында иш жүргүзүп келет. “ЮНИСОН” коомдук фонду тууралуу маалымат берилген эмес.

Мыйзамга ылайык, 16-майдан тартып бейөкмөт уюмдар эки айдын ичинде Юстиция министрлигине коммерциялык эмес уюмдардын реестрине киргизүү жөнүндө арыз, документтерди бериши керек.

Буга чейин “чет элдик өкүлдүн функциясын аткарып жаткандардын” реестрине ЖИА-бизнес-ассоциациясы, "Евразия бизнес клубу" ишкерлер бирлиги", Кыргызстандагы Fauna and Flore International (Фауна энд Флора Интернэшнл) компаниясынын филиалы катталган.

Кыргызстанда эс алуу болгон майрам күндөрү азайды

Жогорку Кеңештин 18-декабрдагы сессиясында Эмгек кодексине киргизилген өзгөртүүлөр боюнча мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды.

Мыйзамдагы өзгөрүүгө ылайык, 23-февраль, 7-апрель жана 7-8-ноябрь майрам бойдон кала берет, бирок кызматкерлер ал күндөрү эс албайт. Ишемби, жекшембиге туш келген майрамдар үчүн башка күнү дем алыш болбойт. Январдын башында жаңы жылдык жана май айынын башында майрамдык эс алуу болот.

Шерине

XS
SM
MD
LG