Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:46

Грузияда шайлоочулар коллегиясы президенттикке Михаил Кавелашвилини тандады


Тбилиси, 14-декабрь, 2024-жыл.
Тбилиси, 14-декабрь, 2024-жыл.

Грузияда 14-декабрда президенттик шайлоо өттү, ага оппозициянын өкүлдөрү катышуудан баш тарткан.

Добуш берүү күнү жүздөгөн адам кар жааганына, суукка карабай акцияга чыкты. Бул жолу шайлоо жаңы система менен өткөрүлду. Ага ылайык, мамлекет башчысын жалпы шайлоочулар эмес, 300 адамдан турган шайлоочулар коллегиясы тандады. Анын мүчөлөрүнүн басымдуу бөлүгүн бийликтеги "Грузин кыялы" көрсөткөн. Булардын 225и шайлоого катышып, анын 224ү мурдагы футболчу Михаил Кавелашвилини тандады.

Шайлоочулар коллегиясынын теңи парламенттин, калган 21и Ажария аймагынын, дагы 20сы жикчил Абхазиянын депутаттары. Дагы 109 адам муниципалдык кеңештерден шайланып келген. Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча түшкү саат 2де аяктады.

Шайлоочулар коллегиясында "Грузин кыялынын " 211 өкүлү бар, тактап айтканда 70% түзөт. Бул добуш берүүнү өткөрүүгө жана президентти шайлоого жетиштүү.

Грузин парламентиндеги төрт оппозициячыл партия талапкер көрсөтүүдөн баш тартып, шайлоого бойкот жарыялаган. Алар коллегия тандаган талапкерди тааныбай турганын билдиришкен.

"Грузин кыялы" президенттикке мурдагы футболчу Михаил Кавелашвилини көрсөткөн. Башка талапкер болгон жок. Ал парламенттин үч чакырылышында депутат болгон жана Батышка каршы, орусиячыл билдирүүлөрү менен белгилүү. АКШ менен Европа Биримдигин "Грузияны Орусия менен кагылыштырууга кызыкдар" деп айыптаган.

Кавелашвели 53 жашта жана анын жогорку билими тууралуу ачык булактарда эч кандай маалымат жок.

Парламенттин алдына нааразылык акцияга чыккандар "Дипломуңду көрсөт!" деп кыйкырып турушту. Полиция менен кагылышуулар тууралуу маалымат жок. Бирок күч кызматкерлери, атайын техника, жабдуу менен Эркиндик аянтында топтолуп турат.

Грузиянын борбору Тбилиси шаарында евроинтеграцияны жактагандар күч менен кууп таратканына карабай ноябрь айынын этегинен тартып ири нааразылык акцияларга чыгып жатат. Миңдеген адам өлкө бийлигин Европа Биримдигине кирүүгө байланыштуу сүйлөшүүлөрдү 2028-жылга чейин токтотуп койгонун айыптап, парламенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылып келет.

Буга чейин АКШ Грузия менен стратегиялык өнөктөштүгүн токтотуп, бийликтеги партиясынын ондогон өкүлүнө жана тартип коргоо органдарынын кызматкерлерине санкция салган. Анда Вашингтон мындай кадамга Грузияда "чет элдик агенттер" тууралуу мыйзамдын кабыл алынышына жана ага каршы башталган демонстрацияларды күч менен таркатууга байланыштуу барганын белгилеген.

АКШ, Канада, Украина жана Балтика мамлекеттери ушундай эле себеп менен Грузиянын Ички иштер министрлигинин жана "Грузин кыялынын" жетекчилигин "кара тизмеге" киргизген.

Шерине

XS
SM
MD
LG