Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:38

"Азаттыктын" журналисти Айбек Абдылдаев "Умтулуу-2024" сынагында жеңүүчү болду


Айбек Абдылдаев сыйлык тапшыруу учурунда. Бишкек. 13-декабрь, 2024-жыл
Айбек Абдылдаев сыйлык тапшыруу учурунда. Бишкек. 13-декабрь, 2024-жыл

"Интерньюстун" Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жыл сайын уюштуруп келаткан “Умтулуу-2024” медиа сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, 13-декабрда жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды. Быйыл сынакка жалпы 195 жалпы материал келип түшкөн. Анын жыйынтыгында алты номинация боюнча жеңүүчүлөр аныкталды: “Коомдук кызыкчылык”, “Тынчтык жана ынтымак”, “Балалыкты коргоо”, “Айлана-чөйрөнү коргоо”, “Маданият жана агартуу”, “Аракетчил инсан” номинациялары.

Сыйлыкта атайын номинациялар да болду. «Мурас: тарыхый эс тутум, тил, маданият” темасына берилгендиги үчүн кесиптештердин тандоосу» номинациясы боюнча жеңүүчү онлайн добуш берүү аркылуу аныкталган. Баарынан көп добушту "Азаттыктын" журналисти Айбек Абдылдаев алды.

Айбек Абдылдаев "Азаттык" үналгысынын "Куугунтук курмандыктары" программасын даярдап келет.

«Коомдук кызыкчылык» номинациясы боюнча 1-орунду журналисттер Ырысбү Кылычбек кызы, Кымбат Турдубекова «Чала блогер эмес, менин балам журналист!» деген эмгеги үчүн алды.

2-орун Эсентур Тынымсейит уулу, Хамидулло Узаков, Жанбулат Жумабековго «Уулумду наркотикке көндүрүп туруп каматып салды» деген видеосу үчүн берилди.

3-орунга Айдай Иргебаева, Александр Александров, Зулайка Эркимбаева «Ким эмне үчүн депутаттык мандаттан ажырады?» материалы үчүн илинди.

Ар бир номинация боюнча үч орундун жеңүүчүлөрү аныкталып сыйланды. Толук тизме менен бул шилтеме аркылуу таанышсаңыз болот.

Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү сынакты 2018-жылдан бери өткөрүп келе жатат.Максаты өлкөдөгү медиа кызматкерлеринин, журналисттердин жана кесипкөй журналисттик контенттердин авторлорунун кесипкөйлүгүн алкоо, алардын аудитория алдындагы жана жалпы коом алдындагы жарандык жана кесиптик жоопкерчилигин арттыруу, ошондой эле Кыргызстандын маалымат чөйрөсүн өнүктүрүү болуп эсептелет. (MZh)

Шерине

XS
SM
MD
LG