Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:25

Эсеп палатасы Транспорт министрлигин каржылык мыйзам бузууга айыптады


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Эсеп палатасы Транспорт жана байланыш министрлигинде 2023-жылы 5,7 млрд сомдон ашык суммадагы каржылык бузууларга жол берилгени аныкталганын маалымдады.

Аталган министрликке жана ага караштуу мекемелерге Эсеп палатасы шайкештик аудитин жүргүзгөн.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, “Кыргыз темир жолу” ишканасына 2022-2023-жылдары жалпысынан 52,6 млн сом которулуп, бирок бул иштер боюнча милдеттенмелер ачык-айкын бөлүштүрүлбөгөнү аныкталган. Ошондой эле жергиликтүү маанидеги жолдорду курууга жана оңдоого республикалык бюджеттен 143,1 млн сом негизсиз бөлүнгөн.

“Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасына жалпысынан 2,5 млрд сомго, сатып алуулар жөнүндө мыйзамдан кыйгап жол техникалары жана жабдуулар сатып алынган (1,2 млрд сому 2023-жылы которулган).
Айрым подряддык ишканалар талаптарга жооп бербесе да, сынактан утуп алган. Мисалы, аудит тарабынан 1098,4 миң сомдук иштин аткарылбаган көлөмү аныкталган", - деп жазылган маалыматта.

Эсеп палатасы ошондой эле текшерүүдө Жол фондунун ишмердигиндеги кемчиликтерди белгилеп, министрликтин айрым кызматкерлерине негизсиз эмгек акы төлөнгөнү, материалдык ресурстар натыйжасыз пайдаланылганы, транспорт каражаттарынын жетишпеси да аныкталганын маалымдоодо.

Аудиттин жыйынтыгы укуктук баа берүү үчүн Башкы прокуратурага жиберилет.

Транспорт жана байланыш министрлиги сарпталган акчалар тууралуу түшүндүрмө берди. Анда министрлик тарабынан Финансы министрлиги жана жергиликтүү бийликтин кайрылуусу менен 211,6 млн сомдук бажы төлөмдөрү төлөнгөнү кабарланган.

Маалыматта Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга 536,5 млн сом сарпталганы, министрликтин карамагында болбогон жергиликтүү жолдорду оңдоо иштерине жол куруучу техникалар сатылып алынганы, ага 1,2 млрд сом жумшалганы кабарланган.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG