Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:45

Нетаньяху коррупция иши боюнча сотто көрсөтмө бере баштады


Нетаньяхуну жоопко тартууну талап кылгандар соттун алдында. Тел-Авив. 10-декабрь, 2024-жыл
Нетаньяхуну жоопко тартууну талап кылгандар соттун алдында. Тел-Авив. 10-декабрь, 2024-жыл

Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху коррупция иши боюнча сотто көрсөтмө бере баштады. 75 жаштагы премьер паракорлук, көз боёмочулук жана ишенимден кыянат пайдалануу боюнча айыпталып жатат.

Рейтердин маалыматына ылайык, ал жумасына үч жолу сотко барып турмакчы.

Ушу тапта Израил Газада ХАМАС (АКШ менен Европа биримдигинде террордук деп жарыяланган) радикал тобуна каршы согушуп жаткандыктан, премьердин ишке катышуусу улам кечеңдеп келген. Бирок өткөн аптада судьялар ал сотко келүүгө тийиш деген чечим чыгарышты.

Нетаньяхунун үстүнөн иш 2019-жылы козголгон. Ал миллионер досторунан кымбат баалуу белек-бечкек алганы, медиа магнаттар аралашкан коррупциялык схемаларга катышканы үчүн айыпталууда. Саясатчы күнөөсү жоктугун айтууда.

Дүйшөмбү күнкү маалымат жыйында өкмөт башчы өз чындыгын айтып берүүнү көпкө күткөнүн билдирип, иликтөө учурунда күбөлөргө жасалган мамилеге нааразылыгын айтты.

Биринчи жолу 1996-жылы өкмөттү жетектөөгө келген Нетаньяху кылмышка айыпталган кызматтагы алгачкы премьер болуп калды.

Өткөн айда Эл аралык кылмыш соту Нетаньяхуну, анын мурдагы коргоо министри Йоав Галантты жана ХАМАСтын аскердик командири Мохаммед Дейфти кармоого ордер берген.

Үчөө тең ХАМАСтын былтыркы кол салуусуна жана Израилдин ошондон кийинки урушуна байланыштуу адамзатка каршы кылмыш жана согуш кылмышы үчүн айыпталууда.

Израил бул соттун юрисдикциясын тааныбай турганын билдирген.

Шейшемби күнү Нетаньяхунун иши каралып жатканда, соттун алдына премьерди жоопко тартууну талап кылгандар жана аны колдогондор чыгышты.

Шерине

XS
SM
MD
LG