Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:58

Түркмөнстанда окуучу, студенттерге Жаңы жылды белгилөөгө тыюу салынды


Ашхабаддагы балаты. Декабрь, 2023-жыл
Ашхабаддагы балаты. Декабрь, 2023-жыл

Түркмөнстанда мектеп окуучуларына жана жогорку окуу жайлардын студенттерине Жаңы жылды белгилөөгө тыюу салынды. «Азаттыктын» түркмөн редакциясынын («Азатлык» радиосу) Мары облусундагы кабарчысы булактарга таянып маалымдагандай, студенттерден ал күнү «кафе же үйдө майрамдык отуруштарды уюштурбайбыз, көчөлөргө сейилдип чыкпайбыз» деген тил кат алып жатышат.

Андан сырткары жаштар бийлик уюштурган иш-чараларга катышууга милдеттендирилди.

Бул көрсөтмөлөргө баш ийбегендер окуудан чыгарылары эскертилди.

«Азатлыктын» кабарчылары буга чейин Ашхабаддагы орто мектептерде ноябрдын башында эле Жаңы жылды белгилөөгө тыюу салынганы эскертиле баштаганын маалымдашкан.

Билим берүү министрлигинин токтомуна шилтеме жасап, мугалимдер окуучуларга достору же жакындары менен майрамдык кечелерди уюштурууга тыюу салынганын айтып жатышат.

Жергиликтүү расмий маалымат каражаттары Жаңы жылга даярдык жүрүп жатканын, 14-декабрда борбордук балаты жандырыларын жазышты.

Түркмөнстанда бардык майрамдар, анын ичинде Жаңы жыл бийликтин көзөмөлү астында өткөрүлөт. Былтыр мамлекеттик мекемелерде балатыларды коюуга, бала бакчаларда майрамдык иш-чараларды уюштурууга тыюу салынган.

«Азатлык» бийликтен комментарий алуу аракетинен майнап чыкпаганын белгилейт.

Шерине

XS
SM
MD
LG