Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:07

Front Line Defenders уюму адвокат Самат Матцаковду бошотууга чакырды


Самат Матцаков. Бишкек, 30-ноябрь 2024-жыл
Самат Матцаков. Бишкек, 30-ноябрь 2024-жыл

Эл аралык Front Line Defenders уюму кыргыз бийлигин адам укуктарын коргоочу жана адвокат Самат Матцаковду дароо бошотууга жана ага тагылган бардык айыптарды жокко чыгарууга чакырды. Уюм анын иш-аракеттери адам укуктарын коргоону гана көздөйт деп эсептейт.

Front Line Defenders ошондой эле Матцаковдун физикалык жана психологиялык кол тийбестигин камсыздоого үндөдү. Андан тышкары Кыргызстанда укук коргоочулар менен адвокаттарга репрессиялардан, анын ичинде соттук куугунтуктан коркпой, чектөөсүз өзүнүн мыйзамдуу ишмердигин жүргүзүү үчүн кепилдик берилүүгө тийиш деп белгиледи.

Баш кеңсеси Дублинде жайгашкан Front Line Defenders укук коргоо уюму 2001-жылы негизделген.

Ушул эле күнү Lawyers for Lawyers уюму жана Англия менен Уэльстин юристтер коому Самат Матцаковдун кармалышына тынчсыздануусун билдирди.

Биргелешкен билдирүүдө Матцаков саясий өңүтү бар иштерде жактоочулук кылып, сотто журналисттердин укугун коргоп келатканы, ага козголгон иш адвокаттык ишмердиги менен байланыштуу экени айтылат. Алар кыргыз бийлигин адвокатты токтоосуз бошотууга чакырып, ишенимдүү далилдер келтирилбесе, ага коюлган бардык айыптарды алып салуу керек экенин билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) камакта жаткан ишкер Имамидин Ташовдун, үч жылга кесилген акын Аскат Жетигендин жана журналист Актилек Капаровдун адвокаты Самат Матцаковду 29-ноябрда кармаган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын 30-ноябрга караган түнү карап, 30-декабрга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алган.

Атайын кызмат адвокатка козголгон иш тууралуу алты күндөн кийин гана – 5-декабрда маалымат берип, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” жана “Документтердин жасалмасын жасоо” беренелери менен кылмыш иши козголгонун кабарлаган.

Самат Матцаков өзүнүн кармалышын абактагы Ташовдун ишине байланыштырып, күнөөсү жок экенин билдирген.

3-декабрда Кыргызстанда бир нече жактоочу Самат Матцаковго кылмыш иши козголуп, анын камакка алынышын айыптап чыгышкан. Алар маалымат жыйын өткөрүп, бул окуядан кийин адвокаттык ишмердиктин мыйзамда көрсөтүлгөн кепилдиктерине коркунуч жаралганын белгилешкен.

Шерине

XS
SM
MD
LG