Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:05

Сирия: козголоңчулар мамлекеттик телеканалдан Асаддын режими кулаганын жарыялашты


Бир катар шаарларда режимдин кулашын кубаттаган жарандар чогулуп, ырдап-бийлеп, салют атылып жатат.
Бир катар шаарларда режимдин кулашын кубаттаган жарандар чогулуп, ырдап-бийлеп, салют атылып жатат.

Сирияда өкмөттүк армияга каршы күрөшүп жаткан козголоңчулардын лидерлери президент Башар Асаддын режими кулаганын, саясий туткундар бошотулганын жарыялашты. Алар мамлекеттик телеканалдан жана радиодон элге кайрылып, козголоңчуларды жана жарандарды мамлекеттин менчигин сактоого чакырышты. Учурда козголоңчулар Дамаск шаарына кирип барганы кабарланып жатат.

Башар Асад кайда экени азырынча белгисиз, айрым маалымат каражаттары ал өлкөдөн чыгып кеткенин жазышты.

Мунун алдында өлкөнүн премьер-министри Мухаммад Гази аль-Жалали сирия эли тандаган кандай гана бийлик болбосун иштешүүгө даяр экенин, бийликти өткөрүп берүүгө байланыштуу бардык чараларды көрөрүн, өлкөдөн кетпей турганын билдирген.

AFP агенттиги козголоңчулардын лидерлерине шилтеме кылып бийликти расмий өткөрүп алганга чейин Дамаскидеги мамлекеттик мекемелер өкмөт башчынын көзөмөлүндө болорун жазган.

Маалыматтарга караганда, Сириянын бир катар шаарларында режимдин кулашын кубаттаган жарандар борбордук аянттарга чогулуп, ырдап-бийлеп, салют атылып жатат.

"Хайят Тахрир аш-Шам" исламчыл тобу жетектеген козголоңчулар соңку бир нече күн ичинде ири Алеппо шаарын жана ондон ашык айыл-кыштакты өз карамагына алууга жетишти. Алар ошондой эле орус армиясы көзөмөлдөгөн Хмеймим авиабазасына 35 чакырымга жакындады. Сирия авибазаны Орусиянын карамагына 2015-жылы өткөрүп берген. Анда Москванын жардамы менен Дамаск төрт жылдык жарандык согушта жеңишке жеткен.

“Хайят Тахрир аш-Шамдан” тышкары козголоңчулардын катарында Түркия колдогон кошуундар да бар. Алар өзүлөрүн Сириянын улуттук армиясы деп аташат.

Бириккен Улуттар Уюмунун эсебинде, соңку күндөрдөгү согуштук аракеттерден улам он миңдеген карапайым тургундар үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду.

Шерине

XS
SM
MD
LG