Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:47

TI: Грузиядагы нааразылык акцияларда 400дөй адам кармалды


Грузияда 28-ноябрда башталган нааразылык акцияларда жалпысынан 400гө чукул адам кармалды. Бул тууралуу камалгандарга юридикалык жардам көрсөтүп жаткан Transparency International эл аралык укук коргоо уюмунун бул өлкөдөгү өкүлчүлүгү кабарлады.

Ага ылайык, 26 жаранга кылмыш иши козголду, 350дөн ашык кишиге административдик иш ачылды.

Уюмдун ырасташынча, кармалгандардын басымдуу бөлүгү кыйноого, ырайымсыз мамилеге кабылган жана мындан улам 80 адамга медициналык жардам керек болгон. Камалгандардын арасында оппозиция лидерлери дагы бар.

Кылмыш иши козголгондор күнөөлүү деп табылса, 7-9 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Грузиянын борбору Тбилиси шаарында евроинтеграцияны жактагандар күч менен кууп таратканына карабай он күндөн бери ири нааразылык акцияларга чыгып жатат. Миңдеген адам өлкө бийлигин Европа Биримдигине кирүүгө байланыштуу сүйлөшүүлөрдү 2028-жылга чейин токтотуп койгонун айыптап, парламенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылып жатат.

АКШнын мамлекекеттик катчысы Энтони Блинкен нааразылык акцияларга чыккандарды кууп таратып, күч колдонгону үчүн Вашингтон грузин бийлигине санкция салышы мүмкүндүгүн эскерткен.

Канада, Украина жана Балтика мамлекеттери, ушундай эле себеп менен Грузиянын Ички иштер министрлигинин жана бийликтеги "Грузин кыялы" партиясынын жетекчилигин "кара тизмеге" киргизген.

Шерине

XS
SM
MD
LG