Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:55

"Сахароводо" 90дон ашык кыргызстандык жаран кармалып турат


"Сахароводо" кармалып турган мигранттар, архивдик сүрөт.
"Сахароводо" кармалып турган мигранттар, архивдик сүрөт.

Орусиянын чет элдиктерди убактылуу кармоочу "Сахарово" миграциялык борборунда ушул тушта кыргызстандык 93 жаран кармалып турат, алардын алтоо аялдар. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Москвадагы кыргыз элчилигинин, Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин бул өлкөдөгү өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери аталган борборго барды.

"Кызматкерлер аталган мекеменин жетекчилиги менен жолукту. Анда бул жайда кармалып турган кыргызстандык жарандардын укугун сактоо, өз мекенинен убагында чыгып кетүүсүнө шарт түзүү маселелери талкууланды. Кармалып турган кыргыз жарандары менен жолушуп, юридикалык кеп-кеңеш берилди. Борбордун шарты, укук бузууга байланыштуу даттануу түшкөн эмес", - деп жазылган маалыматта.

Буга чейин "Сахарового" отуруп чыккан жарандар ал жактагы шарт, катаал мамиле тууралуу даттанып келишкен.

Расмий мааалыматка караганда, ушул тушта Орусияда 334 миңдей кыргыз жараны жашап, иштеп жүрөт.

Орус бийлиги соңку учурда миграциялык талап-эрежени катаалдатып, текшерүүнү күчөтүп жатат. Москвага учуп барган мигранттарды эч себепсиз киргизбей, аба майдандан эле кайтарган учурлар көбөйдү.

Быйыл Москвада "Крокус Сити Холлдо" кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Кылмышка шектүүлөрдүн көбү тажик тектүү жарандар экени аныкталган.

Шерине

XS
SM
MD
LG