Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:00

Казакстанда аким жолукпай койгон жаран өзүн-өзү өрттөдү


Актау шаарындагы Мангистау облустук ооруканасы.
Актау шаарындагы Мангистау облустук ооруканасы.

Казакстандын Мангистау облусунун Актау полициясы акимчиликтин имаратынын жанында белгисиз адам өзүн-өзү өрттөп жиберген факты боюнча кылмыш ишин козгоду. Иш "өз жанын кыюуга жеткирүү" беренеси менен ачылганы маалым болду. Жергиликтүү "Лада" басылмасы ал адам 5-декабрда облус жетекчисине жолугуу үчүн келгенин жазды.

Маалыматка караганда, ал бейшемби күндөрү жарандар кабыл алынбайт деген жоопту уккандан кийин акимчиликтин кире беришинде бензин чачып, өзүн өрттөп салган. Полиция жана акимчиликтин кызматкерлери өрттү өчүрүп, тез жардам кызматын чакырып, жабырлануучуга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөнү маалымдалды.

Жаран Актау шаарындагы аймактык ооруканага жеткирилген. Дарыгерлердин айтымында, бейтаптын абалы оор.

Басылма өзүн өрттөгөн адам болжолдуу түрдө аутстаффинг компаниясынын кызматкери экенин жазган. Журналист Михаил Козачков ал "Samruk Bussines Academy" компаниясынын мурдагы кызматкери экенин айтууда. Бир ай мурун бул компаниянын кызматкерлери өлкөнүн жана облустун жетекчилигине "Лада" басылмасынын редакциясы аркылуу видеокайрылуу жөнөтүшкөн.

7-ноябрда жарыяланган ал кайрылууда ондон ашык жумушчу мамлекеттик органдардын жетекчилерине ишке орноштуруу маселеси боюнча кайрылып, бирок ал өтүнүч жоопсуз калганы айтылат.

Жумушчулар “КазМунайГаз” улуттук компаниясынын жетекчилигинен бул кырдаалды жөнгө салууга жардам берүүнү талап кылышкан. Видео кайрылууга кандай реакция болгону белгисиз. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG