Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:45

Румыниядагы шайлоо: ЕБ ТикТокту маалыматтарды өчүрбөөгө милдеттендирди


Румыниядагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасына чыккан Орусияга ыктаган саясатчы Кэлин Жоржеску жана "Румынияны сактап калуу бирикмеси" либералдык партиясынын лидери Елена Ласкони.
Румыниядагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасына чыккан Орусияга ыктаган саясатчы Кэлин Жоржеску жана "Румынияны сактап калуу бирикмеси" либералдык партиясынын лидери Елена Ласкони.

Еврокомиссия ТикТок социалдык түйүнүн Румыниядагы президенттик шайлоого байланыштуу бардык маалыматтарды өчүрбөөгө милдеттендирди. Бул чечим Румыниядагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасын утурлай кабыл алынды.

Биринчи айлампада ашынган оңчул популист саясатчы Кэлин Жоржеску күтүүсүздөн алдыга чыккан. Ал бул жолу "Румынияны сактап калуу бирикмеси" либералдык партиясынын лидери Елена Ласкони менен жогорку кызмат үчүн ат салышат.

Еврокомиссия Жоржеску Орусиянын кийлигишүүсү жана ТикТоктун жардамы менен жеңишке жетиши мүмкүн деп шек санап жатат.

Баш кеңсеси Кытайда жайгашкан компания Еврокомиссия менен бул боюнча кызматташууну баштаганын билдирди.

4-декабрда Румыниянын Улуттук коргонуу кеңеши өлкө "агрессивдүү гибриддик аракеттердин" бутасында калып, анын жыйынтыгында Жоржеску шайлоонун биринчи айлампасында жеңишке жеткенин ырастаган жашыруун документтерди ачыктаган.

Румыниянын атайын кызматынын эсебинде, Орусия ТикТокто Жоржескуну колдогон кеңири кампания жүргүзгөн. Кыска убакыт ичинде анын популярдуулугу 1 пайыздан 22 пайызга көтөрүлгөн. Маалыматтарга караганда, Жоржескуну колдоо боюнча кеңири кампания добуш берүүгө эки жума калганда башталган.

Чалгын кызматы билдиргендей, ТикТок румын бийлигине Орусиянын мамлекеттик Sputnik маалымат агенттигине байланыштуу аккаунттардын түйүнүн аныктаганын кабарлаган. Алардын баары шайлоонун алдында коомдун пикирин өзгөртүүгө катышканы белгилүү болгон.

Орусия буга чейин Румыниядагы шайлоого кандайдыр бир тиешеси бардыгын четке кагып келген.

Жоржеску өзү да Орусия менен байланышы бар экенин мойнуна албайт. Ошол эле маалда ал НАТОго каршы жана Путинди мактаган пикирлери менен белгилүү. 8-декабрдагы шайлоодо жеңсе, Украинага аскердик жардам көрсөтүүнү токтоторун жарыялады.

Шерине

XS
SM
MD
LG