Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:45

Казакстан: 12 жашка чейинки балдарды үйдө жалгыз калтырууга тыюу салуу сунушталды


Астанадагы өрттөн улам балдар каза болгон үйгө коюлган гүл жана оюнчук. 5-февраль, 2019-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Астанадагы өрттөн улам балдар каза болгон үйгө коюлган гүл жана оюнчук. 5-февраль, 2019-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстанда балдар омбудсмени Динара Закиева 12 жашка толо элек балдарды үйдө кароосуз калтырууга тыюу салууну сунуштады. Бул тууралуу ал үйдө тутанган өрттөн улам балдардын өмүрү кыйылган учурлар көбөйгөнүнө байланыштуу айтты.

"2024-жылдын январь айынан ушул күнгө чейин өрттөн балдардын өмүрү кыйылган 15 учур болду. Алардын көбү үйдө жалгыз калган. Бул фактыларды анализдеп көрүп, 12 жашка чыга элек балдарды үйдө чоңдордун кароосу жок калтыргандарга укуктук чараларды иштеп чыгыш керек деп эсептейм", - деп жазды Закиева социалдык тармактарга.

Ал ошондой эле жардамга муктаж үй-бүлөлөр мамлекеттик колдоо программалары менен камсыздалышы керек экенин кошумчалады.

1-декабрда Акмоло облусунда үйлөрдүн биринде тутанган өрттөн 2017-жылкы жана 2021-жылкы балдар чарчап калган. 17-ноябрда Костанай облусунда иске ууланып төрт адам, анын ичинде үч бала каза болгон. Ошол эле күнү Астанада жеке эки кабаттуу үйдө тутанган тилсиз жоо төрт баланын өмүрүн алган.

Өрт маалында тамдын чатырынын жарымы кулап түшкөн. Астананын Өзгөчө кырдаалдар департаменти окуя боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

Шерине

XS
SM
MD
LG