Өзбекстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Бахромжон Алоев 2-декабрда Бириккен Араб Эмираттарынын Матар ал-Кемзини кабыл алды. Бул тууралуу тышкы саясатты тескеген мекеме билдирди.
Маалыматка караганда, тараптар Абу-Даби аэропортунда Өзбекстандын жарандарынын кармалышын талкуулашты.
“Түзүлгөн кырдаал боюнча тийиштүү чараларды кабыл алуу тууралуу макулдашууга жетишилди”,- деп жазылат маалыматта.
Андан тышкары эки өлкө ортосундагы саясий, соода-экономикалык, инвестициялык маселелер көтөрүлдү.
30-ноябрда Абу-Даби аэпортундагы чек ара кызматы өзбекстандык жарандарды өлкөгө киргизбей койгону маалым болгон.
Gazeta.uz басылмасы жазгандай, Ташкенттен бир учак менен барган 31 киши кармалган. Алардын паспортторун алып коюп, 15 саат тамак-ашсыз кармап, суракка алышкан. Андан соң артка кайтарышкан. Көбү Ташкент менен Самаркандга кайра учуп кеткен.
Кармоонун жана артка кайтаруунун себеби айтылган эмес. Ноябрь айынын соңунда Бириккен Араб Эмираттарында үч өзбекстандык Израилдин жана Молдованын жараны, раввин Цви Когандын өлүмүнө айыпталып камалган.
Израилдин премьер-министринин кеңсеси жана бул өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги биргелешкен билдирүү жарыялап, Когандын өлүмүн "үрөй учурган антисемиттик террордук акт" деп аташкан.
АКШ администрациясы Когандын өлүмүн айыптаган.
Шерине