Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:49

Гүлнара Каримованын иши боюнча швейцариялык банкка айып тагылды


Гүлнара Каримова.
Гүлнара Каримова.

Швейцариянын прокуратурасы таасирдүү кардарларды тейлөөгө адистешкен Lombard Odier банкын арам акчаны адалдоого айыптады. Бул тууралуу Financial Times басылмасы жазды.

Бийликтин маалыматына караганда, банк Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнара Каримованын кылмыштуу иштерин жашырууда бир нече жыл “чечүүчү роль” ойноп келген.

Прокуратуранын версиясына ылайык, Каримова ири суммадагы акчаны “Офис” деп аталган швейцариялык уюм аркылуу адалдап турган. Каримова өзү бул айыптоолорду четке кагып келет.

Ошондой эле Lombard Odier банкынын мурдагы кызматкерине да айып тагылды. Прокуратура бул ишти 2016-жылдан бери иликтеп келген.

Гүлнара Каримова 2015-жылы беш жылга эркинен ажыратылган. 2020-жылы март айында ал “мамлекеттик каражатты уурдаган жана бирөөнүн мүлкүн тартып алуу менен Өзбекстандын кызыкчылыгына каршы макулдашууларга барган” деген айып менен кошумча 13 жыл төрт айга кесилген.

Учурда Каримова Ташкент облусунун Зангиата районундагы аялдар түрмөсүндө жазасын өтөп жатат.

Шерине

XS
SM
MD
LG