Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:37

Украина НАТОго толук кандуу мүчө болуу ниетин кайталады


НАТОнун баш катчысы Марк Рютте жана Украинанын президенти Владимир Зеленский. 17-октябрь, 2024-жыл. Брюссель.
НАТОнун баш катчысы Марк Рютте жана Украинанын президенти Владимир Зеленский. 17-октябрь, 2024-жыл. Брюссель.

Украина Брюсселде 3-декабрда өтө турган НАТОго мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйынынын утурлай түндүк аскердик альянска толук кандуу мүчө болуу мүдөөсүн дагы бир жолу билдирди.

“Украинанын коопсуздугунун жалгыз кепилдиги жана Орусиянын Украинага мындан аркы агрессиясын ооздуктачу жалгыз фактор - НАТОго мүчө болуу экенине бөркүбүздөй ишенебиз”,-деп жазылат Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта.

Буга Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков дароо жооп кайтарып, Украинанын НАТОго кошулушу “кабыл алынгыс” экени жана Орусияга "чоң коркунуч" экенин белгиледи.

Бир нече күн мурда Украинанын президенти Владимир Зеленский НАТОго кошулуу Орусия баштаган согуштун “курч фазасына” чекит коюшу мүмкүн экенин айткан.

Брюсселдеги жолугушууда негизги көңүл Украинага НАТО көрсөтчү аскердик колдоого бурулат. Уюмдун баш катчысы Марк Рютте жыйынды утурлай жасаган билдирүүсүндө альянс боюнча өнөктөштөр Украинага аскердик жардамды көбөйтүшү керек экенин белгиледи.

"Кыш кирип келди, Орусиянын агрессиясы токточудай эмес. Тескерисинче Путин өз риторикасын жана акылсыз аракеттерин күчөтүүдө. Ал Украинаны ракеталарын сынай турган полигон катары колдонуп, бул мыйзамсыз согушка түндүк кореялык аскерлерди жөнөтүүдө",-деди ал.

Андан тышкары жыйында Орусиянын өткөн айда баллистикалык ракета менен Украинанын Днепр шаарына жасаган соккусу талкууланат.

Шерине

XS
SM
MD
LG