Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:13

Сузакта бакчада балдардын сабалганы боюнча кылмыш иши козголду


Сузак району
Сузак району

Башкы прокуратура Сузак районунун Октябрь айылындагы “Кенжетай” бакчасынын кызматкери балдарды сабаганы боюнча кылмыш иши козголгонун 3-декабрда билдирди.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад облустук прокуратурасы бала бакчанын кызматкерлери балдарга ырайымсыз мамиле жасап, ата-энелердин бир нече жолку кайрылуусун четке кагып келгенин аныктаган.

Мындан тышкары бала бакчанын жооптуу кызматкерлери президенттин жарлыгындагы талаптарды одоно бузуп, ата-энелерден акча чогултуп турганы такталган.

“Текшерүүнүн жыйынтыгында Кылмыш-жаза кодексинин 187-беренеси (“Баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо”), 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 348-беренеси (“Шалаакылык”) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүү үчүн кылмыш иши Жалал-Абад облустук милициясына жиберилди”, - деп жазылган маалыматта.

"Кенжетай-1" бала бакчасындагы окуядан кийин үч кызматкер жумуштан кеткенин "Азаттыкка" райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мендирман Эламанов ырастады. Иштен кеткен кызматкерлердин арасында окуяны тасмага тарткан тарбиячынын жардамчысы да бар экенин билдирген.

2-декабрда социалдык тармактарда аталган бала бакчада балдар сабалганы тууралуу видео тараган. Андан бакчанын кенже тобундагы балдар тамак ичип жатканда тамак жебей ыйлап жаткан балага арткы фондо отурган аял кол көтөрүп, жаакка чапканын көрүүгө болот. Дагы бир тасмада ошол эле аял башка баланы далыга чапкылап жатканы тартылган. Тасманы интернетке тарткан адам балдардын жеп жаткан тамак-ашынын сүрөттөрүн да жарыялаган. Анда балдарга берилген тамак-аштын сапатынын начарлыгы, бала бакча санитардык талапка жооп бербей турганы тартылган.

Билим берүү жана илим министрлиги райондук билим берүү бөлүмү тарабынан балага кол көтөрүлгөн окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн комиссия түзүлгөнүн билдирген. (TAb)

Шерине

XS
SM
MD
LG