Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:05

Румынияда парламенттик шайлоо өтүп жатат


Бухарест, 1-декабрь, 2024-жыл.
Бухарест, 1-декабрь, 2024-жыл.

Румынияда 1-декабрда жаңы парламентти шайлоо үчүн добуш берүү башталды. Эки палаталуу мыйзам чыгаруу органындагы орундар үчүн 10 миңден ашык киши талапкерлигин койгон. Алар төмөнкү депутаттар палатасында 329 орун жана Сенаттагы 136 орун үчүн ат салышат.

"Азаттыктын" румын кызматы кабарлагандай, шайлоо алдындагы сурамжылоолор ашынган улутчул "Румындарды бириктирүү альянсы" (AUR) 22,4% , башкаруучу Социал-демократиялык партия 21,4% добуш алганын көрсөткөн.

30-ноябрдын кечинде парламенттик шайлоодо чечүүчү ролду ойной турган чет жакта жүргөн румын диаспорасынын арасында добуш берүү башталган.

Бул шайлоодо румын паспорту бар молдовандыктар добуш беришет.

24-ноябрда өткөн президенттик шайлоонун биринчи турунда орусиячыл талапкер, мурда "Румындарды бириктирүү үчүн альянс" (AUR) ашынган оңчул партиясынын мүчөсү болгон, Европа Биримдигин жана НАТОну сындап жүргөн Кэлин Жоржеску алдыга чыккан. Ал добуштардын 22,94% алган.

Бул жыйынтыкка каршы нааразылык акциялар Румыниянын бир нече шаарларында өткөн. Алар Жоржескунун радикал көз караштарына жана өлкөнүн келечегине тынчсыздануусун билдиришкен.

62 жаштагы Жоржеску АКШнын Украинага көрсөтүп жаткан жардамын сындаган. Өзүнүн шайлоо алдындагы өнөктүгүн ал негизинен TikTok платформасы аркылуу жүргүздү, ошол жактан популярдуу болду. Ал жергиликтүү фермерлерди колдоо, импорттон көз карандылыкты азайтуу, энергия жана азык-түлүк өндүрүү көлөмүн жогорулатуу зарылдыгын айтууда.

8-декабрда өтө турган экинчи турда Жоржеску "Румынияны сактоо союзу" либерал партиясынын талапкери, 2020-жылдан бери Кымпулунг шаарын башкарып келаткан, биринчи турда добуштардын 19,18% алган Елена Ласкони менен ат салышат. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG