Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:39

Президент судья Сыдыковду кызматтан алуу чечимин артка кайтарды


Марат Сыдыков Кемпир-Абад иши боюнча өкүм чыгаргандан кийин. 14.06.2024-жыл.
Марат Сыдыков Кемпир-Абад иши боюнча өкүм чыгаргандан кийин. 14.06.2024-жыл.

Президент Садыр Жапаров Кемпир-Абад иши боюнча айып тагылган саясатчы жана активисттерди актаган өкүм чыгарган Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыковду кызматтан бошотуу боюнча Соттор кеңешинин чечимин канаттандырган жок. Буга байланыштуу материалдар кайра артка кайтарылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбук баракчасына жазды.

"Марат Сыдыков судьялык кызматынан кеткен жок", - деп жазды ал.

Алагөзовдун жазганына караганда, судья Сыдыков кызмат ордунан өз каалоосу менен бошотуу тууралуу Соттор кеңешине арыз жазган.

“Соттор кеңеши бул арызды канааттандырып, аны кызматынан бошотуу чечимин президент Садыр Жапаровго киргизди. Бул сунуш мамлекет башчысы тарабынан канааттандыруусуз калтырылып, материалдар артка кайтарылды”, - деп жазды ал.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазганы 29-ноябрда белгилүү болгон.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочу 2022-жылы октябрда камалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан. Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган.

Марат Сыдыков быйыл 14-июнда аларды актаган өкүм чыгарган. Эртеси, 15-июнда президент Садыр Жапаров сот чечимине комментарий берип, “эгер мен сот болсом, бул иштин уюштуруучуларына кандайдыр бир жаза берет элем, жок дегенде айып пул же пробация” деген.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон жана сот жараяндары жабык өткөн.

Прокуратура 12-июлда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берип, иш 6-августтан бери шаардык сотто каралып жатат.

43 жаштагы Марат Сыдыков Бишкек шаарында төрөлгөн. Ал кызматтан кетүү арызы тууралуу комментарий бере элек. Марат Сыдыков буга чейин Кой-Таш, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков жана Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмүнө байланыштуу чуулгандуу иштерди караган. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG