Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:47

Бишкектеги автобекетте оор жүк ташуучу машинелер үчүн аянтча уюштурулат


Бишкектеги убактылуу автобекет. Сүрөт: Бишкек мэриясы.
Бишкектеги убактылуу автобекет. Сүрөт: Бишкек мэриясы.

Бишкек шаарындагы “Ак-Кула” ипподромунун жанындагы убактылуу автобекеттин (Батыш автобекети) аймагына оор жүк ташуучу автоунаалар үчүн аянтча уюштурулат. Калаа мэри Айбек Жунушалиев 30-ноябрда автобекеттин аймагын текшерген учурда “Бишкекавтобекети” муниципалдык ишканасынын жетекчилигине бул маселени чечүүнү тапшырды. Ал курулуп жаткан объектилер, күтүү залы, дарыкана жана жүргүнчүлөр үчүн жатакана менен таанышты.

Шаардык кызматтарга убактылуу автобекеттин борбордук кире беришине жол чырак орнотуу, ошондой эле аймакты жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерин күчөтүү тапшырмасы берилди.

Бишкекте Батыш, Чыгыш автобекеттери 23-октябрда жабылып, андагы автобус, такси каттамдары шаардын сыртына чыгарылган. Ошондон кийин элде автобекеттердин шаардан алыстыгына нааразылыктар пайда болгон. Өлкөнүн түндүк-чыгышындагы аймактарга кетүү үчүн Алматы-1/1 дарегине жайгашкан "Бишкек" автобекетине, ал эми өлкөнүн түштүк-батышындагы аймактарына кетүү үчүн Сокулук тараптагы жаңы ипподромдун жанына жылдырылган убактылуу автобекетке жетүү машакатка айланганы соцтармактарга жарыяланган.

Мэрия бул шаардагы жол тыгынды азайтуу максатында убактылуу чара экенин, жаңы автобекет Фучик көчөсүнө курулуучу ири комплекске жайгашарын билдирген. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG