Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:50

Орусия согушка Йемен жарандарын жөнөтүп жатканы кабарланды


Йемен. Хуси козголоңчулары. Архив сүрөт.
Йемен. Хуси козголоңчулары. Архив сүрөт.

Орусия Украинадагы согушуна Йемен өлкөсүнүн жүздөгөн жаранын тартканын "Свобода" радиосу The Financial Times басылмасына таянып жазды. Басылма согушка катышкан айрым йемендиктер менен байланышкан.

Алар көп акча жана орус жарандыгы убада кылынганын, бирок хусилер менен байланышы бар компаниялардын бири аркылуу Орусияга барганда аскерлердин катарына мажбурлап кошуп, согуш талаасына жөнөтүп коюшканын айтып беришкен.

Согушка Йемен жарандарын тартуу аракети былтыр июль айында башталганы маалымдалды.

Украина фронтто йемендиктердин пайда болушун адам аткезчилиги боюнча жашыруун операциянын кесепети деп атоодо.

Макалада айтылгандай, бул жагдай Москванын Иран колдогон хуси козголоңчуларынын топтору менен байланышы кеңейип жатканын айгинелейт. Ошону менен катар аталган басылма йемендик жалданма аскерлердин Украинага жөнөтүлүшү согушка чет элдиктер көбүрөөк тартыла баштагандыгынын, орус тараптын жоготуулары көбөйүп жаткан абалда Кремль толук мобилизация жарыялоодон чочулап жаткандыгынын белгиси экенин кошумчалады.

Москва Йемен жарандары боюнча маалыматтарга азырынча комментарий бере элек.

Орусия Украинага 2022-жылдын февралында кол салган. Ошол жылдын күзүндө жарым-жартылай мобилизация жарыялап, согушка Коргоо министрлиги менен келишим түзгөн аскерлерди жөнөтө баштаган.

Буга чейин орус бийлиги согушка Индиянын, Непалдын жарандарын тартып жатканы кабарланган. Жакында Орусияга Түндүк Кореянын кеминде 12 миң аскери жөнөтүлгөнү маалымдалган. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG