Орусияда укук коргоочулар саясий туткун деп жарыялаган, азыркы тапта түрмөдө отурган Азат Мифтахов аттуу жаранды жалгыз камерага которушканы 21-ноябрда белгилүү болду. Ал жакта Мифтахов жети күн кармалат.
Тарапташтарынын айтымында, чогуу отурган адам коркунуч жаратып жатканын айткан Мифтахов аны башка камерага которууну өтүнгөн, бирок которуунун ордуна бир кишилик камерага камап коюшту. Жети күндөн кийин ошол эле камерага алып барышабы же башкагабы, азырынча белгисиз.
Жанындагы киши психикалык оорусу бар жаран болушу ыктымал экенин айткан санаалаштар ал тергөө абагында отурган кезде ооруканага жаткырылганын, ошого карабастан 10 жылга эркинен ажыратып, түрмөгө жөнөтүшкөнүн, эми эч кандай медициналык жардам албастан жалпы камерада кармалып турганын билдиришти.
Москва мамлекеттик университетинин механика-математика факультетинин аспиранты, татар жазуучусу Фанзаман Батталдын небереси, 31 жаштагы Мифтахов Ульяновск облусунун Димитровград шаарындагы түрмөдө отурат. Бул шарты катаал абакка аны Свердлов облусунун Камышлов шаарынын тергөө абагынан алып барышкан. Ал 2019-жылы кармалгандан бери камакта отурат.
Орусиянын бийликтеги "Единая Россия" партиясынын "кеңселерине өрт койгон" деген жүйө менен Мифтаховду 2021-жылы алты жылга кесишкен. Өзү жана жактоочулары айыптоону негизсиз деп аташкан. 2022-жылы кассациялык сот жаза мөөнөтүн үч айга кыскартып, 2023-жылы 4-сентябрда бошонуп чыккан. Бирок ошол эле күнү "терроризмди актаган" деген айып менен кайра кармалган Мифтаховго быйыл 28-мартта төрт жылдык жаза мөөнөтү чегерилген. Ал абакта отурганда 2018-жылы Архангельск шаарында Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) имаратын жардырып каза болгон Михаил Жлобицкийди жактап сүйлөгөнү үчүн айыпталган.
Орусияда "терроризмди актаган" деген айып соңку кезде Украинадагы согушка каршы пикирин билдирген жарандарга карата колдонулууда. "ОВД-Инфонун" соңку маалыматына караганда, согушка каршы чыккандардын арасынан кеминде 1061 кишиге иш козголду. Алардын 324ү жакыны түрмөгө, тергөө абагына камалды же мажбурлап дарылоого жөнөтүлдү.
2019-жылы Орусиянын «Мемориал» укук коргоо уюму Мифтаховду саясий туткун деп тааныган. (RK)
Шерине