Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:59

AP: Израилдин Бейрутка урган соккусунан "Хезболланын" маалымат катчысы каза тапты


Бейрут израилдик армиянын соккусунан кийин. Ливан, 17-ноябрь, 2024-жыл
Бейрут израилдик армиянын соккусунан кийин. Ливан, 17-ноябрь, 2024-жыл

Израилдин Бейруттун борборуна урган соккусунан "Хезболла" уюмунун маалымат катчысы каза тапты. Бул тууралуу Ливандын түштүк аймактарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн, Иран колдогон жоочулар тобунун расмий өкүлү билдирди. Маалыматка караганда, Мохамед Афиф араб социалисттеринин БААС партиясынын кеңсесинде набыт болду. Ал Израил менен "Хезболла" ортсундагы согуштун активдүү фазасы башталган жана уюмдун лидери Хассан Насралла изралдик соккудан каза тапкан сентябрдан кийин кеңири таанылган.

"Хезболланы" АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун "кара тизмеге" киргизген. Ливандын парламентинде "Хезболланын" саясий партиясынан депутаттар бар.

Associated Press (AP) кабарлагандай, жекшемби күнкү сокку тууралуу Израильалдын ала эскерткен жок, элге эвакуация болуу зарылдыгы айтылган эмес. Агенттиктин жериндеги кабарчысы төрт кишинин сөөктөрү менен жарадар болгондорду көргөнүн маалымдады. Бирок жабыркагандардын саны расмий айтыла элек. Израил сокку тууралуу азырынча комментарий жасаган жок.

Акыркы жолу Израилдин армиясы - ЦАХАЛ Бейруттун борборуна 10-октябрда чабуул койгон. Ошондо 22 киши мерт кеткен.

Былтыр 7-октябрда ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал тобу Израилге кол салып, 1200 кишини өлтүрүп, 250дөн ашуунун барымтага алганда Газада согуш тутанган. Анын артынан "Хезболла" Израилди ракета, дрондору менен аткылай баштаган.

Кармаштар быйылкы сентябрдын аягынан бери, ЦАХАЛ Ливандын түштүгүндө жердеги операциясын баштап, аба соккуларын күчөткөндө курчуган.

Ливандын Саламаттык сактоо министрлиги Израил менен “Хезболланын” бир жылдан ашуун убакыттан бери уланып келаткан куралдуу жаңжалында каза тапкандар 3 миң 100дөн ашканын, 1,2 миллионго жакыны жер которууга мажбур болгонун апта башында билдирди. Бирок канчасы карапайым тургундар, канчасы согушкерлер экени маалымдалбайт.

Ал эми Израил “Хезболланын” чабуулдарынан өлкөнүн түндүгүндө, оккупацияланган Голан дөңсөөлөрүндө жана Ливандын түштүгүндө 100 чакты израилдик жайкын кишинин өмүрү кыйылганын айтууда.

Өз кезегинде Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги былтыркы 7-октябрдан бери тилкеде 43 миң 800 кишинин өлүмү тастыкталганын маалымдады.

Шерине

XS
SM
MD
LG